Бишкекте тоо лыжасы боюнча мелдеш өтөт

Бишкектин четиндеги «Политех» лыжа базасында тоо лыжасы — слалом-гигант боюнча мелдеш өтөт. «Лыжа жана сноуборд үйрөткүчтөр ассоциациясынын» маалыматына караганда, иш-чара 28-январда болот. Ага тоо лыжасы боюнча машыктыруучулар жана үйрөткүчтөр катышат.   Мелдеште лыжачылар өздөрүнүн чеберчилигин көрсөтүшөт. «Жаш курактары боюнча эки топко бөлүнгөн оюнчулар татаал тилкелерде… Кененирээк…

Быйыл 1 миллион 600дөн ашык гүл Бишкекке көрк кошот

Быйыл түркүн түстүү 1 миллион 600дөн ашык гүл ордо калаага көрк кошот. “Бишкекжашылчарба” ишканасынын күнөсканаларында бир жылдык гүлдөрдүн үрөнүн себүү башталды.   Адистер көчөттөрдү өстүрүп, жазында шаардын гүлзарларына отургузушат.   Эске салсак, былтыр Бишкек бир миллиондон ашык бир жылдык гүлдөр менен кооздолгон.

Бишкекте төртүнчү скважинаны бургулоо башталды

Бишкекте төртүнчү скважинаны бургулоо башталды. Муниципалитеттен билдиришкендей, шаар аймагында жалпысынан алты скважина бургуланат.   Эске салсак, буга чейин Профсоюз жана Нарвская, Ахунбаев жана Көк-Жаңгак көчөлөрүндө жаңы скважина бургулоо иштери аяктаган.   Жайыл Баатыр жана Чортеков көчөлөрүндө скважинаны бургулоо иштери аяктоо алдында турат.

Экологияга зыян келтиргендер бак отургузууга милдеттендирилиши мүмкүн

Кыргызстанда экологияга зыян келтирген өндүрүштүк объектилер бак отургузууга милдеттендирилиши мүмкүн. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Мелис Тургунбаев билдирди.   Ал белгилегендей, бак-дарак отургузуу боюнча “Жашыл мурас” демилгеси быйыл да уланат. Анын алкагында 10 миллиондой түп көчөт отургузуу пландалууда.

Бишкектеги Бугу-Эне жаңы конушу жарыктандырылууда

Бишкектеги Бугу-Эне жаңы конушу жарыктандырылууда. Муниципалитеттен билдиришкендей, конушта 50 Вт кубаттуулуктагы 76 светодиоддук чырак жана ошондой эле кронштейндер орнотулган.   Мындан тышкары, 2 чакырымдан ашык өзүн-өзү кармай турган изоляцияланган зым өткөрүлдү.

Кыргызстанда сексуалдык зомбулукка айыпталгандар эми пробацияга чыгарылбайт

Кыргызстанда сексуалдык зомбулукка айыпталгандар эми пробацияга чыгарылбайт. Президент «Кылмыш-жаза кодексине, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду. Документти Жогорку Кеңеш былтыр декабрда кабыл алган.   Мыйзам жыныстык кол тийбестикке каршы кылмыштардын жоопкерчилигин күчөтүү жана жабыркагандарга карата кайталанган кол салуулардан сактоо максатын көздөйт.

Кытайда жасалма интеллект айыл чарба өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга жардам берүүдө

Кытайда жасалма интеллект айыл чарба өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга жардам берип жатат. Атайын техниканы адамдар аралыктан башкарат.   Тракторлор атайын байкоочу станцияга туташтырылган камералар менен жабдылган. Алар жердин рельефи, кыртыштын нымдуулугу жана башка көрсөткүчтөр боюнча маалыматтарды топтоп, командалык борборго беришет. Андан кийин тракторлор конкреттүү тапшырмалар үчүн программаланган.… Кененирээк…

Былтыр 137 миңден ашуун кыргызстандык үйүн камсыздандырган

Былтыр 137 миңден ашуун кыргызстандык үйүн камсыздандырган. Бул тууралуу 24 агенттигине Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунан билдиришти.   Маалыматка ылайык, 2022-жылы 118 миңге жакын адам полис алган.   Белгиленгендей, өткөн жылы камсыздандыруу боюнча 151 учур катталып, 27 миллион сомдон ашык каражат төлөнгөн.   Эске салсак, “Турак жайды… Кененирээк…

«Бишкек жылуулук тармагы” ишканасы кадимки режимде иштеп жатат

«Бишкек жылуулук тармагы” ишканасы кадимки режимде иштеп жатат.   Жер титирөөдөн кийин адистер имараттарды, курулуштарды жана насостук станцияларды толук текшерүүдөн өткөрдү. Жабдуулар талаптагыдай иштеп жатат, жылуулук менен камсыздоодо мүчүлүштүктөр аныкталган жок, — деп айтылат маалыматта.

Чүйдүн Аламүдүн коктусунда жоголгон жаранды издөө уланууда

Чүйдүн Аламүдүн коктусунда бир жумадан бери дайынсыз болуп жаткан жаранды издөө уланууда. Расмий маалыматка ылайык, издөө иштерине 22 техника, жети дрон жана 282 куткаруучу тартылды.   Эске салсак, 28 жаштагы Маматалы уулу Мухамедаалы 14-январда үйүнөн чыгып кеткен бойдон табыла элек.