Ысык-Көлгө Ташкенттен келген алгачкы каттам конду

Ысык-Көлгө Ташкенттен келген алгачкы каттам конду. “Манас” эл аралык аэропортунан билдиришкендей, аталган мамлекеттен биринчи каттам менен 177 жүргүнчү учуп келди, ал эми Ысык-Көлдөн 44 жүргүнчү Өзбекстандын борборуна сапар тартышты.   Өзбекстандык авиакомпания Ташкент-Ысык-Көл-Ташкент багыты боюнча аптасына бир жолу – жума күндөрү учууну максат кылууда.

Ордо калаадагы «Эркиндик» бульварында шахмат аллеясы ачылды

Ордо калаадагы «Эркиндик» бульварында шахмат аллеясы ачылды. Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, ачылыш аземинде аллеяда жаш шахматчылардын жана тогуз коргоолчулардын мелдеши өтүп, жеңүүчүлөргө байгелер тапшырылды.   Шахмат аллеясында каалоочулардын баары ойной алышат. Алдыда аллеяда шахмат, тогуз коргоол жана столдо ойнолуучу оюндардын түрдүү мелдештерин уюштуруу пландалууда.

Жакында Нарынга учак каттай баштайт

Жакында Нарынга учак каттай баштайт. Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, учурда аба майдандагы жаңы аэровокзалдын курулушу аяктап, ички жасалгасы калды.   Жаңы имараттын курулушуна “Манас” эл аралык аэропортунун эсебинен 90 миллион сом бөлүнгөн. Ал эми учуп-конуу тилкеси реконструкцияланып, асфальт-бетон төшөө иштери жүрүп жатат.   Оңдоо иштери… Кененирээк…

Кыргызстан мобилдик интернеттин ылдамдыгы боюнча 82-орунду ээледи

Ушул жылдын июнь айында Кыргызстан мобилдик интернеттин ылдамдыгы боюнча 140 өлкөнүн ичинен 82-орунду ээледи. Муну менен мурунку рейтингге салыштырмалуу көрсөткүч 7 позицияга жакшырды.   Интернеттин ылдамдыгын талдоо мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган веб кызматтын маалыматына караганда, өлкөдө мобилдик интернеттин орточо жүктөө ылдамдыгы дээрлик 27,5 Мбит/сек түзөт.  … Кененирээк…

Кыргызстанда электр энергиясы инфляцияга жараша жыл сайын кымбаттап турат

Кыргызстанда электр энергиясынын баасы инфляцияга жараша жыл сайын кымбаттап турат. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.   Чиновник энергетикага чукул кырдаал киргизүү сунушу тууралуу да түшүндүрмө берди. Анын айтымында, кырдаалдын бааларга тиешеси болбойт. Ал чукул кырдаал шартында чакан ГЭСтерди куруу үчүн жер маселесин чечүү… Кененирээк…

Ош шаарында фотографтардын сынагы өтөт

Ош шаарында фотографтардын сынагы өтөт. Бул тууралуу жергиликтүү мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чара Эгемендүүлүктүн 32 жылдыгы жана көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Насирдин Исановдун 80 жылдык мааракесинин алкагында уюштурулат.   “Жергемдин жети керемети” аталышындагы сүрөт көргөзмөдө өлкөнүн ар кайсы аймактарынын же шаардын жеке тарыхы, тарыхый эстеликтери, маданий жана… Кененирээк…

Энергетикадагы өзгөчө кырдаал Энергетика министрлигине жаңы функция берет

Энергетика тармагындагы өзгөчө кырдаал Энергетика министрлигине жаңы функция берет. Бул энергетикалык объектилерди куруу үчүн жер тилкелерин тездетилген режимде бөлүүгө шарт түзөт, деп билдирди министр Таалайбек Ибраев. Анын айтымында, жер бөлүштүрүү татаал процедура, ал эми жаңы станцияларды куруу таңкыстыктын алдын алуу үчүн зарыл.   Белгиленгендей, быйыл… Кененирээк…

Чек арадагы куралдуу жаңжалда жабыркагандар жөлөк пул алышат

2021-2022-жылдары Тажикстан менен болгон чек арадагы куралдуу жаңжалда жабыркагандар жөлөк пул алышат. Тиешелүү мыйзамга президент кол койду.   Документке ылайык, төлөмдөр курман болгондордун балдарына жана ата-энелерине, ошондой эле жабыр тарткан, майыптыгы бар деп таанылган адамдарга ай сайын төлөнөт. Анын өлчөмүн Министрлер кабинети аныктайт.   Мындан… Кененирээк…

АКШ төрт кыргыз компаниясына санкция салды

АКШ Россияга микрочиптерди жана башка технологияларды жөнөткөн төрт кыргыз компаниясына санкция салды. Кошмо штаттардын Каржы министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда жайгашкан ишканалар санкция салынган электрондук компоненттерди жана башка технологияны Россияга мезгил-мезгили менен жөнөтүп турган. Алар жөнөткөн товарлардын айрымдары Москванын коргоо тармагындагы ишканаларды кош багыттагы товарлар менен… Кененирээк…

Бишкек-Чолпон-Ата жолунда көзөмөл күчөтүлдү

Бишкек-Чолпон-Ата жолунда көзөмөл күчөтүлдү.   Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришкендей, эреже Бишкек-Кордай жолуна да тиешелүү. Ага ылайык, кошумча кайгуу күзөттөр коюлуп, ылдамдыкты ашыра айдаган, мас абалда болгон жана каршы тилкеге чыккан айдоочуларга катуу чаралар көрүлөт.   Дем алыштарда Бишкекти көздөй багыт алган айдоочулар тыгында… Кененирээк…