Кыргызстанга Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов келди

Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Кыргызстанга келди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.   «Манас» аэропортунан өзбек өкмөтүнүн жетекчисин министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тосуп алды. Арипов ШКУнун өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына, КМШга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына жана Евразия өкмөттөр аралык… Кененирээк…

“Манас” эл аралык аэропорту учактарды жылытуучу универсал техникаларды сатып алды

“Манас” эл аралык аэропорту учактарды жылытуучу универсал техникаларды сатып алды. Мындай атайын техникалар көп жылдардан бери сатып алынган эмес.   Аба майдандын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, атайын жабдуулар аэродромдун ачык паркинг зонасында муздан арылтуу жана ар кандай типтеги жана категориядагы учактардын кыймылдаткычтарын, канаттарын, учактардын ичтерин… Кененирээк…

Бишкекте 4 миң милиция коомдук тартипти камсыздоодо

25-27-октябрда Бишкекте милиция кызматкерлери ШКУга, КМШга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин жана Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйындарын өткөрүү учурунда күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп, коомдук тартипти жогорку деңгээлде камсыздашууда.   Ички иштер министрлигинен билдиришкнедей, кыргыз милициясы жогоруда аталган мамлекеттик маанилүү иш-чараларды өткөрүүдө коомдук тартипти камсыздоону жогорку… Кененирээк…

АКШ тургуну май куюу станциясынын кызматкерине ишенип, лотереянын башкы джекпотун утуп алды

АКШ тургуну май куюу станциясынын кызматкерине ишенип, лотереянын башкы джекпотун утуп алды. Эркекке дал ошол билетти сатып алууну сатуучу сунуштаган. Ал коргоочу катмарды өчүрүп эле ири утушка ээ болгонун түшүндү.   Ошол жерден эркек 10 миллион доллардын бактылуу ээси болуп калды.

Кышкы жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо жума күнү жыйынтыкталат

Кышкы жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо жума күнү жыйынтыкталат. Бул тууралуу Билим берүү министрлиги эскертет. Тест тапшырууну каалагандар  27-октябрга чейин документтерди тапшырууга жетишип калышы кере.   ЖРТга онлайн каттоо райондук же шаардык билим берүү бөлүмдөрүндө жана Билимди баалоо, окутуу усулдары борборунун сайтында онлайн форматта жүргүзүлөт. Сынакка… Кененирээк…

Кыргыз-кытай өкмөттөрү 12 документке кол коюшту

Кыргыз-кытай өкмөттөрү 12 документке кол коюшту. Кытай Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цяндын Кыргызстанга жасаган расмий сапарынын алкагында эки өлкөнүн өкмөттөрү кеңейтилген курамдагы сүйлөшүү жүргүздү.   Кол коюлган документтердин арасында 2023-2027-жылдарга чек аралык кызматташуу, санариптик экономика чөйрөсүндө инвестициялык кызматташуу, Бишкек жол тармагын өнүктүрүү долбоорун ишке ашыруу,… Кененирээк…

Ирандын биринчи вице-президенти Кыргызстанга келди

Ирандын биринчи вице-президенти Мохаммад Мохбер Кыргызстанга келди. «Манас» эл аралык аэропортунан Ирандын биринчи вице-президенти Мохаммад Мохберди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тосуп алды.   Мохаммад Мохбер үстүбүздөгү жылдын 26-октябрында Бишкек шаарында өтө турган Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына катышат.… Кененирээк…

Бишкекке Россиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин келди

Бишкекке Россиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин келгенин өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.   Билдирмеге караганда, аны «Манас» эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тосуп алган. Белгилей кетсек, Михаил Мишустин 26-октябрда Бишкекте өтө турган ШКУ, КМШга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына жана… Кененирээк…

Кыргызстанда Улуттук банктын алтын куймаларына суроо-талап өсүүдө

Кыргызстанда Улуттук банктын алтын куймаларына суроо-талап өсүүдө.  Бул тууралуу өлкөнүн башкы каржы мекемесинин расмий өкүлү Аида Карабаева билдирди.   Маалыматка ылайык, өткөн жылы 125 килограммдан ашык салмактагы алтын куймалары 746 млн сомго сатылган.   Улуттук банк да өлчөнгөн куймаларды кайра сатып алууда, өткөн жылы 245… Кененирээк…

Пара Азия оюндары: Жалалидин Абдувалиев экинчи ирет күмүш медаль тагынды

Пара жеңил атлетика боюнча Кыргызстандын курама командасынын мүчөсү Жалалидин Абдувалиев Пара Азия оюндарында экинчи ирет күмүш медалга ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.   Оюндар Кытайдын Ханчжоу шаарында өтүп жатат.   Спортчу 1 миң 500 метр аралыкты коштоочусу Артем Шапилов менен… Кененирээк…