Улан Сарылбек уулу Биринчи май районунун акими болуп дайындалды

 Улан Сарылбек уулу Бишкектин Биринчи май районунун акими болуп дайындалганын мэриянын маалымат кызматы билдирди. Тиешелүү буйрукка мэр Айбек Жунушалиев кол койгон. Буга чейин аталган кызматты Мурат Осмонов аркалап келген. Ал райондо интимдик кызмат көрсөткөн жайлар аныкталгандан кийин жумуштан бошотулган.

Бишкекте жаңы жыл түнү Тез жардам кызматынын 40 бригадасы нөөмөттө турат

Бишкекте жаңы жыл түнү Тез жардам кызматынын 40 бригадасы нөөмөттө турат. Бул тууралуу Ыкчам медицина борборунун директору Искендер Шаяхметов билдирди.   Анын айтымында, эртең ошондой эле Ала-Тоо аянтында кечки саат 6дан кийин реанимациялык жана кардиологиялык 2 бригада нөөмөт жүргүзөт.   Адатта 1-январда медициналык жардамга кайрылгандар… Кененирээк…

Кытайда үй жаныбарларына пластикалык операция жасоо популярдуу болууда

Кытайда үй жаныбарларына пластикалык операция жасоо популярдуу болууда. Жергиликтүү маалымат каражаттары жазышкандай, өзгөчө  “Микки Маустукундай кулактар”  тренд болуп жатат.   Бул процедуранын алкагында мышык, иттердин кулактарынын формасы Дисней каарманыкындай тоголок кылып жасалат. Операциянын баасы 4 миң сомду түзөт.

Жаңы жылдын алдында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги пиротехника сатуучу түйүндөрдү текшерүүдө

Жаңы жылдын алдында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги пиротехника сатуучу түйүндөрдү текшерүүдө.   novosti.kgге ведомстводон билдиришкендей, президенттин облустардагы өкүлчүлүктөрүнө, шаар мэрлерине жана соода борборлорунун жетекчилерине расмий каттар жөнөтүлгөн.   Инспекторлор эскертет: салют жана фейерверктер атайын белгиленген жерлерде гана сатылышы керек.

Бишкекте Ала-Арча жана Аламүдүн дарыяларын тазалоо иштери жүрүүдө

Бишкекте Ала-Арча жана Аламүдүн дарыяларын тазалоо иштери жүрүүдө.   Жумуштарды “Бишкек суу чарба” муниципалдык ишканасы аткарууда. Мэрия маалыматына ылайык, дарыя нугун тазалоого атайын техника жана адистер тартылды.   Иштер дарыяларда тоңгон муз суу ташкындоого алып келбеши үчүн жасалып жатат.

Бишкекте  жаңы жылдык айыл чарба жарманкеси өтүүдө

Бишкекте  жаңы жылдык айыл чарба жарманкеси өтүүдө. Иш-чара бүгүн жана эртең уланат.   Жарманке саат 10дон кечки 5ке чейин болот. Анда шаар тургундарына атамекендик өндүрүүчүлөрдүн, агроөнөр жай ишканаларынын жана жеке ишкерлердин айыл чарба продукцияларын дүң баада сатып алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Бишкек – Ош унаа жолундагы “Сосновка” өткөрмө бекетинде жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди

Бишкек – Ош унаа жолундагы “Сосновка” өткөрмө бекетинде жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди.   Унаа жана жолдор билдиришкендей, аба-ырайы кескин өзгөрүлүп, бороон болуп, көрүү начарлагандыктан, аварияларды алдын алуу максатында чоң унаалар өткөрүлбөйт.   Тоолуу райондорго сапарга чыгууну пландап жаткандарга жанында тайгактыкка каршы шаймандарды ала жүрүү… Кененирээк…

Адистер жарандарды салют жана петардалардан баш тартууга чакырат

Жаратылыш ресурстары министрлиги жарандарды салют жана петардалардан баш тартууга чакырат. Ведомстводон эске салышкандай, фейерверктер канаттууларга жана өсүмдүктөргө зыян тийгизет.   Пиротехника түтүнү абанын сапатын жана климатты бузууга алып келет. Андан тышкары, петардаларды жардырууда техникалык коопсуздук сакталбаса, күйүк алуу мүмкүн.   Эң коркунучтуусу, жаңы жылдык майрамдарда… Кененирээк…

Баткен облусунда бүгүн 10 социалдык объект колдонууга берилет

Баткен облусунда бүгүн 10 социалдык объект колдонууга берилет. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.   Арасында Кулунду, Лейлек, Ак-Суу, Масалиев айылдарында мектеп, Ак-Сууда курулуш материалдарын чыгаруучу ишкана, эки тигүү цехи, Үч-Коргон айылында оорукана жана Баткен шаарында мал базар бар.   Аталган объектилердин курулушуна каражат мамлекеттик… Кененирээк…

300%дык үстөк менен акча бергендер аныкталып, бюджетке миллиондор которулду

Кыргызстанда аффилирленген юридикалык жактар (микрокредиттик, микрофинансылык компаниялар жана ломбарддар) тарабынан «скоринг» ыкмасы менен ашыкча киреше алып келген схема түзүлгөнү аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди. Маалыматка караганда, реалдуу жылдык пайыздык чендер 300 пайызга чейин жетип турган. «Аффилирленген компаниялардын А.Э.Ж. аттуу өкүлү схема карыз алуучулардын эсебинен ашыгы… Кененирээк…