Быйыл 50 адамга бөйрөк алмаштыруу операциясы акысыз жасалат

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Эне-баланы коргоо улуттук борборунда жасала турган бөйрөк алмаштыруу операциясына даярдык менен таанышты. Борбордун дарыгерлери алты айдан бери гемодиализ аппаратында жаткан 22 жаштагы бейтаптын бөйрөгүн алмаштырууну мерчемдешүүдө. Ага атасы донор болот. Министрдин айтымында, Президент Садыр Жапаров кол койгон «Кыргыз Республикасындагы жарандардын… Кененирээк…

Аргентина курамасынын башкы машыктыруучусу Лионель Скалони “Барселонаны” жетектеши мүмкүн

Аргентина курамасынын башкы машыктыруучусу Лионель Скалони “Барселонаны” жетектеши мүмкүн. Маалымат каражаттары жазгандай, клуб жетекчилигине анын талапкерлигин Лионель Месси сунуштаган.   Скалони “Барселонага” келсе, Аргентина курамасынын оюнчулары дагы которулушу күтүлүүдө. Андан тышкары, мындай келишим каржылык жактан клубка пайдалуу болмок. Эске салсак, “Барсанын” машыктыруучусу Хави сезондун аягында… Кененирээк…

Аламүдүн районунда аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө көмүр таратылды

Аламүдүн районунда аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө көмүр таратылды.   Бул тууралуу президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, көмүр райондун 3 айыл аймагында жашаган аз камсыздалган 100 үй-бүлөгө бир тоннадан тийди.   Жардамды кайрымдуулук фонддорунун бири каржылаган.

Өлкөнүн башкы жолдору унаа кыймылына ачык

Өлкөнүн башкы жолдору унаа кыймылына ачык. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, трассалар жана башкы магистралдарда кар тынбай тазаланып, инерттүү материал себилип жатат.   Тоолуу аймактарга сапарга чыгууну пландап жаткан айдоочуларга унаалар ортосундагы тиешелүү 500 метрлик аралыкты жана жол эрежесин так сактап, этият болуу сунушталат.

Бишкекте дагы 2 автобустук каттам ачылууда

Бишкекте дагы 2 автобустук каттам ачылууда. Мэриянын басма-сөз кызматынан билдиришкендей, 1-февралдан тарта №145 автобус Көк-Жар конушунан Маевка айылына чейин каттайт.   Аралыгы 6-8 мүнөттөн линияга 14 автобус кое берилет. Ал эми №169 автобус Ак-Ордо – 3 конушунан Осмонкул көчөсүнө чейин барат. Муниципалитеттен кошумчалашкандай, акырындап ордо… Кененирээк…

Юстиция министрлиги баласына алимент төлөөдөн качкан ата-энелерди үч жылга чейин эркинен ажыратууну сунуштады

Юстиция министрлиги баласына алимент төлөөдөн качкан ата-энелерди үч жылга чейин эркинен ажыратууну сунуштады. Мыйзам долбоору бүгүн парламентте биринчи окууда каралып, колдоо тапты.   Азыркы мыйзам боюнча, алимент төлөбөгөндөргө 20-50 миң сомдук айып салынат же бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына тартылат. Мындай жазаны бир жылга… Кененирээк…

Жарандар таштанды чыгаруу үчүн төлөм кечиктирилген ар бир күн үчүн айып төлөйт

Бишкек шаардык «Тазалык» муниципалдык ишканасы мындан ары жарандар таштанды чыгаруу үчүн төлөм кечиктирилген ар бир күн үчүн айып төлөй турганын билдирди.   2024-жылдын январь айынан баштап төлөмдү кечиктирген ар бир күн үчүн 0,1% өлчөмүндө айып салынат. Туум катуу калдыктарды чыгаруу боюнча жарандар менен түзүлгөн ачык… Кененирээк…

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине заманбап техникалар тапшырылды

Бүгүн, 31-январда Бишкектеги Эски аянтта Өзгөчө кырдаалдар министрлигине техникаларды тапшыруу салтанаты өттү. Салтанатка министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиев катышты.   «Мындан ондогон жылдар мурун өзүм да Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде иштедим эле. Мен министрликтин ал-акыбалын жакындан билген, көргөн адам катары айтам: анда бүгүнкүдөй күчтүү,… Кененирээк…

Тарыхтагы эң популярдуу уюлдук телефон аталды

Тарыхтагы эң популярдуу уюлдук телефон аталды. Ал Nokia 1100. Visual Capitalist жазгандай, 2003-жылы чыгарылган аппарат 6 жыл ичинде 250 миллион даана нускада сатылган.   Экинчи орунда Nokia 1110 телефону турат, аны 248 миллион жолу сатышкан. Популярдуу уюлдук телефондордун үчилтигин 222 миллион даана сатык менен 6… Кененирээк…

Кыргызстанда 1-февралдан тарта жарандар үчүн милдеттүү медициналык камсыздоонун баасы өзгөрүлөт

Кыргызстанда 1-февралдан тарта жарандар үчүн милдеттүү медициналык камсыздоонун баасы өзгөрүлөт. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунан билдиришти.   Эми кыргызстандыктар полис үчүн жылына 1 миң 722 сомдун ордуна 1 миң 840 сомдон төлөйт.   Ведомстводон түшүндүрүшкөндөй, медициналык камсыздандыруунун баасы өткөн жылга карата Улуттук статистика комитети… Кененирээк…