Ош облусунун Кара-Суу районунда жаңы бала бакча ачылды
Ош облусунун Кара-Суу районунда жаңы бала бакча ачылды. Жергиликтүү администрациядан билдиришкендей, Киров айылындагы мектепке чейинки билим берүү мекемеси 160 орунга чакталат. Курулуш иштери 2022-жылы башталып, бул максатта мамлекеттик бюджеттен 68,5 миллион сом бөлүнгөн.