Быйыл сентябрдан тарта мектеп жетекчилеринин айлыгы көтөрүлөт

Быйыл сентябрдан тарта мектеп директорлорунун, окуу бөлүм башчыларынын айлык акыларын көтөрүү пландалып жатат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.   Ал белгилегендей, быйылкы жылы билим берүү тармагына дээрлик 61 миллиард сом бөлүндү. Бул былтыркыдан 23 млрд сомго көп.   Эске салсак, мугалимдердин айлыгы… Кененирээк…

Жыл башынан бери жол эрежелерин бузуудан бюджетке 241 млн сом түштү

Кыргызстанда жыл башынан бери жол эрежелерин бузуудан бюджетке 241 миллион сом түштү. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.   Маалыматка ылайык, бул сумма өткөн жылга салыштырмалуу дээрлик 39 миллион сомго көп.   Кошумчаласак, жарым жылда жол эрежелерин бузган 500 миңге жакын айдоочу аныкталды.

Жер шарынын түндүк бөлүгүн каптаган ысык бул аптада дагы күчөйт

Жер шарынын түндүк бөлүгүн каптаган ысык бул аптада дагы күчөйт. Бул тууралуу эл аралык метеорологиялык уюм билдирди.   Маалыматта айтылгандай, абанын температурасы түнкүсүн да жогорулап, жүрөк ооруларынын кармашына алып келиши мүмкүн.   Негизги көңүл күндүзгү жогорку температурага бурулганы менен түнкү температуранын жогорулашы ден соолукка зыян, өзгөчө… Кененирээк…

Арча-Бешиктеги бала бакчанын курулушу 90 пайызга аяктады

Арча-Бешик конушунда бала бакчанын курулушу 90 пайызга аяктады. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.   Эки кабаттуу имарат 180 орунга эсептелген. Учурда ички жасалгалоо жана айланасын көрктөндүрүү иштери жүрүп жатат.

Баткенде мобилдик клиника жарандарды акысыз текшерүүдө

Баткенде мобилдик клиника жарандарды акысыз текшерүүдө. Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, бүгүнкү күнгө чейин 700дөн ашык киши терапевт, уролог жана гинекологдун кеңешин алды.   Мындан тышкары, ВИЧ, вирустук гепатит В жана С, жыныстык жол менен жугуучу инфекцияларга 1 миң 700дөй адам экспресс-тестирлөөдөн өтүп, 200гө жакын жаранга… Кененирээк…

Жоокерлерди кызматта мөөнөтүнөн ашык кармоого уруксат берилди

Өлкөдө жоокерлерди кызматта мөөнөтүнөн ашык кармоого уруксат берилди. Бул боюнча мыйзамга Садыр Жапаров кол койду. Ага ылайык, Куралдуу күчтөрдүн штаб башчысы тиешелүү күч түзүмүнүн жетекчисинин өтүнүч катынын негизинде аскердин кызматтагы мөөнөтүн эки айга чейинки убакытка узарта алат.   Мындан тышкары, жогорку аскердик окуу жайды аяктаган… Кененирээк…

Кыргызстанда жыл аягына чейин инфляция 10-12 пайызды түзөт

Кыргызстанда жыл аягына чейин инфляция 10-12 пайызды түзөт. Мындай божомолду Улуттук банктын башчысы Кубанычбек Бөкөнтаев билдирди. Анын айтымында, мында бир катар коммуналдык кызматтардын тарифтеринин, ошондой эле Бишкекте коомдук транспортко жол киренин жогорулоосу эске алынды.   Бөкөнтаев кошумчалагандай, быйыл Борбор Азия чөлкөмүндө мурунку беш жылдыкка салыштырмалуу… Кененирээк…

Ошто балдар үчүн жайкы лагерлер ачылды

Ош шаарында балдар үчүн бир катар жайкы лагерлер ачылды. Жергиликтүү мэриядан билдиришкендей, Жаштар иштери боюнча комитети тарабынан жаштардын интеллектуалдык-инновациялык борборунда, Т.Сатылганов атындагы сейил багы, “Сулайман-Тоо” музейи, шаардын спорттук аянтчаларында жана “Дельфин” бассейининде 13-15 жаштагы беш жүз балага ылайык жайкы лагерь жана ийримдер уюштурулууда.   Жайкы… Кененирээк…

Кыргызстанда «кайрылман» макамын алуу тартиби жеңилдеди

Кыргызстанда «кайрылман» макамын алуу тартиби жеңилдеди. Тиешелүү мыйзамга президент кол койду.   Жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, тарыхый мекенине кайтууну каалагандар Кыргызстандын чет мамлекеттердеги элчиликтерине жана консулдуктарына кайрылып, арыз-документтерин тапшыра алышат. Андан кийин он жумушчу күндүн ичинде калктын миграция маселелери боюнча ыйгарым укуктуу органына жөнөтүлөт.   Этностук… Кененирээк…

Соцкелишим: 1 миң 200дөн ашык жаңы өндүрүш объекттери ачылды

Социалдык келишим долбоорунун алкагында Кыргызстанда 1 миң 200дөн ашык жаңы өндүрүш объекттери ачылды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.   Быйылкы жылы мамлекет менен келишим түзгөн 10 миңге жакын аз камсыз үй-бүлөнүн дээрлик 13 пайызы чакан ишкерлик ачкан. Тагыраагы, мамлекеттен берилген 100… Кененирээк…