10 күндө 22 миңден ашык жаранга юридикалык колдоо көрсөтүлдү

10 күндө 22 миңден ашык жаранга юридикалык колдоо көрсөтүлдү.   Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы 1-декабрдан 10уна чейин акысыз кеп-кеңеш берүү иш-чарасын өткөрдү.   Анын алкагында 22 миң 480 жаранга консультациялык-укуктук жардам көрсөтүлдү. Эң көп кайрылган суроолору документтештирүү, жер маселеси, үй — бүлөлүк укуктук… Кененирээк…

Бишкек көчөлөрүн кардан тазалоого тоскоолдук жараткан унаалар эвакуацияланат

Бишкек көчөлөрүн кардан тазалоого тоскоолдук жараткан унаалар эвакуацияланат. Бул тууралуу мэриядан эскертишти. Андан такташкандай, башаламан токтотулган унаалар тазалоо иштерине тоскоолдук жаратууда.   Шаарды кардан арылтууга 39 атайын техника, 27 кар тазалоочу машина жана 650дөй “Тазалыктын” кызматкери чыгып жатат. Күтүлгөндөй, бүгүн жана эртең ордо калаада дагы… Кененирээк…

Токтогул ГЭСинин №2 агрегатын реконструкциялоо жана модернизациялоо иштери  аяктады

Токтогул ГЭСинин №2 агрегатын реконструкциялоо жана модернизациялоо иштери  аяктады. Бул тууралуу Энергетика министрлиги кабарлады. Агрегатты жаңылоо жана оңдоо жумуштары быйыл 1-мартта башталган.   Бул аралыкта гидроагрегаттын негизги жабдуулары, көмөкчү системалары менен бирге монтаждоо иштери аткарылды. Жыйынтыгында анын кубаттуулугу 300 мегаваттан 360 мегаваттка көбөйтүлдү.   Учурда… Кененирээк…

Америкалык теннисчи Кори Гауфф дүйнөнүн эң кымбат спортчу айымы деп аталды

Америкалык теннисчи Кори Гауфф дүйнөнүн эң кымбат спортчу айымы деп аталды. Анын жылдык кирешеси 22,5 миллион долларга жетет.   Каражат түздөн түз теннис беттештеринен жана жарнамалык келишимдерден түшкөн. Гауфф бул рейтингдин сап башына 19 жашында чыкты.   Адан кийинки орунда дагы бир теннисчи – Ига… Кененирээк…

Бишкек мэриясы бир нече шакекче автобустук каттамдарды түзүү ниетинде

Бишкек мэриясы бир нече шакекче автобустук каттамдарды түзүү ниетинде. Бул тууралуу 24 агенттигине вице-мэр Максатбек Сазыкулов билдирди. Анын айтымында, Европалык реконструкция жана өнүктүрүү банкынын колдоосу менен эл аралык эксперттер менен келишим түзүлдү.   Адистер башка мамлекеттерде колдонулуп келген формулаларды ишке ашырып, транспорт системасын оптималдаштырат.  … Кененирээк…

Баткен облусунда  30дай жаңы социалдык объектилер колдонууга берилди

Баткен облусунда  30дай жаңы социалдык объектилер колдонууга берилди. Бул тууралуу өлкө башчы администрациясынан билдиришти.   Арасында 8 мектеп, 4 бала бакча, 4 фельдшердик-акушердик түйүн, медициналыык пунк, УКМК имараты, спорт зал, музей, тигүү цехтери, суу скважиналары жана ирригациялык тармактар бар. Президент администрациясынан белгилешкендей, жыл сайын Баткен… Кененирээк…

Президент Баткен облусуна каралган 500 млн сом толук берилгенин айтты

Бүгүн, 11-декабрда Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Сай айылында 275 орунга ылайыкталган жаңы мектеп ачылды. Анын ачылышына президент Садыр Жапаров катышты.   Президент облуста сегиз мектеп, төрт балдар бакчасы, төрт ФАП, бир жалпы дарыгерлер борбору, УКМКнын имараты, спорт зал, музей, он бир скважина, эки тигүү цехи, бир ирригациялык… Кененирээк…

Италияда дүйнөдөгү эң чоң балатынын оту жанды

Италияда дүйнөдөгү эң чоң балатынын оту жанды.   3 футбол талаасына барабар инсталляция Губбио шаарындагы тоонун бетине орнотулду. Аны жергиликтүү тургундар жана коноктор калаанын бардык бурчунан көрө алышат.   Ири балатыны кооздоого 2 ай талап кылынды. 900 метрлик жаңы жылдык символго 7,5 миң метр күйүп-жануучу… Кененирээк…

Бишкек – Ош унаа жолунун Арал постунда жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди

Бишкек – Ош унаа жолунун Арал постунда жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди.   Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына ылайык, трассанын 272-чакырымы аркылуу жүк ташуучу машинелердин бардык түрү өткөрүлбөйт.   Мындай чара жасалма тыгындарды болтурбоо жана авариялык абалдарды алдын алуу максатын көздөйт. Чектөөлөр аба-ырайынын шарттары жакшырганга… Кененирээк…

Чүй облусунда Евразиялык соода-логистикалык борбор курулат

Чүй облусунда Евразиялык соода-логистикалык борбор курулат. Министрлер кабинети менен Кыргыз-кытай инвестициялык холдинги ортосунда макулдашууга кол коюлду.   Долбоорду ишке ашыруунун баасы 700 миллион долларды түзөт. Объектке соода шаарчасы, эл аралык көргөзмө борбору, сактоочу жана логистикалык камсыздоо борбору, ири көлөидүү жабдууларды сатуу комплекси жана мейманканалар кирет.