Ысык-Көлдүн Темировка айылында жаңы ФАП пайда болот
Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Темировка айылында фельдшердик-акушердик пункттун жаңы имаратынын курулушуна капсула салынды. Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, ФАПтын имаратынын курулушу “Ас-Сафа” кайрымдуулук фондунун каржылык колдоосу менен башталды. Объектти ушул жылдын август айында пайдаланууга берүү пландалууда.