Айпери Медет кызы Дүйнө чемпионатынын чейрек финалына чыкты

Кыргызстандын кыз-келиндер курама командасынын мүчөсү Айпери Медет кызы Дүйнө чемпионатынын чейрек финалына чыкты. Спорттук иш-чара Сербиянын Белград шаарында өтүп жатат.   Кыргыз балбаны биринчи беттеште румыниялык спортчу Каталина Аксентени 11:0 эсебинде жеңип, 1/8 финалга чыккан. Экинчи беттешинде нейтралдык желек менен чыккан спортчу Анастасия Зимянкованы 44… Кененирээк…

Нарынга бюджеттен дээрлик 380 млн сом бөлүндү

Жылдын сегиз айында Нарын облусуна республикалык бюджеттен 379,3 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, анын ичинен бюджеттер аралык трансферттер төмөнкүдөй болду:   теңдөөчү трансферт — 279,4 млн сом; ыйгарым укуктарды берүүгө – 23,0 млн сом; электрэнергиясына болгон 50% компенсацияга –37,0… Кененирээк…

Кыргызстанда буудайдын тартыштыгы жок

Кыргызстанда буудайдын тартыштыгы жок. Министрлер кабинетинин төрага орун басары Бакыт Төрөбаев билдиргендей, баанын өсүшү Казакстандан келген унга гана тиешелүү болууда.   Ал эми мунун себеби коңшу мамлекеттен дан жүктөрү ташылып келүүчү темир жолдордун сезондук тыгынына байланыштуу.   Жалпысынан, Төрөбаев белгилегендей, Кыргызстанда эң керектүү азыктар жетиштүү… Кененирээк…

Аламүдүндө 140 орундуу бала бакчанын курулушу толук бүткөрүлдү

Аламүдүндө дээрлик 10 жылдан бери бүтпөй турган бала бакча жакында пайдаланууга берилет. Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш агенттигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, Көк-Жар айылында жайгашкан объект 140 орунга чакталган.   Долбоорго ылайык, балдардын ар тараптуу өнүгүүсү үчүн санитардык нормаларды сактоого жана билим берүү программаларына ылайыкталган шарттар… Кененирээк…

Ленин округу: шайлоонун жыйынтыгы 1-2 күндө жарыяланат

Бишкектеги Ленин шайлоо округунда Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоонун расмий жыйынтыгы 1-2 күндүн ичинде чыгарылат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.   Эске салсак, аталган округда 10-сентябрда өткөн кайра шайлооонун баштапкы жыйынтыгы боюнча Кубанычбек Самаков 26,14% добуш менен алдыга чыккан.

Тайырбек Жумашбек уулу дүйнөлүк рейтингде экинчи орунга көтөрүлдү

Эркин күрөш боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Тайырбек Жумашбек уулу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн версиясы боюнча дүйнөлүк рейтингде экинчи орунга көтөрүлдү.   Жаңыланган рейтинг Сербиянын Белград шаарында өткөн дүйнө чемпионатынын жыйынтыгы боюнча түзүлдү. Анда кыргызстандык балбан 3-орунду ээлеп, коло медаль тагынган.

Бишкекте тыгындарды жоюу үчүн жаңы жолдун курулушу башталды

Бишкекте тыгындарды жоюу үчүн жаңы жолдун курулушу башталды. Муниципалитеттен билдиришкендей, Элебесов көчөсүнөн Осмонкул көчөсүнө чыгуучу Арал тилкесинде капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат.   Оңдоодон соң, узундугу 1 миң 500, туурасы 6 метрди түзгөн альтернативдүү жол Абдрахманов көчөсү менен Жибек Жолу проспектисинин кесилишинде пайда болот.  … Кененирээк…

Республика боюнча 75 миңден ашык акылдуу эсептегич орнотулду

Республика боюнча 75 миңден ашык акылдуу эсептегич орнотулду. Бул тууралуу Novosti.kgге Кыргызстандын улуттук электр тармактар ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.   Компания октябрь айында дагы 40 миң эсептегич орнотууну пландап жатат.   Эске салсак, акылдуу эсептегичтер жарыкка каражатты өз убагында төлөбөгөн абоненттердин электр энергиясын дистанциялык… Кененирээк…

Иранда Роналдунун колу тийген делген дарбыз сатылууда

Иранда Роналдунун колу тийген делген дарбыз сатылууда. Футболчу бир күн мурун Тегеранга «Аль-Наср» клубунун курамында Азия футбол конфедерациясынын Чемпиондор Лигасынын оюнуна келген.   Легенда түшкөн автобусту күйөрмандар аэропорттон мейманканага чейин коштоп жүрүштү.   Эки сааттан кийин эле онлайн платформаларда Роналду кармаган делген буюмдар – салфетка,… Кененирээк…

Бишкекте үч эм төрөлдү

Бишкекте үч эм төрөлдү. Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, алардын баары уул.   Маалыматка ылайык, ымыркайлардын абалы туруктуу жана аларды үйүнө чыгарууга даярдыктар көрүлүүдө.   Үч эмди ордо калаанын Октябрь районунун 34 жаштагы тургуну жарык дүйнөгө алып келген.