WhatsApp тиркемесинде жаңы функция пайда болот

WhatsApp тиркемесинде жаңы функция пайда болот. Эми колдонуучулар жаңы телефонго бардык чаттарды резервдик көчүрмө түзбөстөн өткөрө алат. Опцияны колдонуу үчүн смартфонго мессенджерди жүктөп, QR-кодду сканерден өткөрүү керек.   Күтүлгөндөй, жаңы функция колдонуучуларга жакынкы арада жеткиликтүү болот.

Кыргызстанда жогорку ылдамдыкта жүрүүчү аба кемелерине пилотторду даярдап башташты

Кыргызстанда жогорку ылдамдыкта жүрүүчү аба кемелерине пилотторду даярдап башташты. Бул тууралуу Жарандык авиация мамлекеттик агентигинин басма-сөз кызматынан билдиришти.   Маалыматка ылайык, Боинг-727, Боинг-737 жана Аэробус А-300 учактарына учуу жана техникалык курамды даярдоо боюнча курстар Кыргыз авиациялык институтунун базасында ачылды. Бул жерде ошондой эле борт коштоочуларды… Кененирээк…

“Сосновкада” оор жүк ташуучу унааларга кайрадан чектөө киргизилди

  “Сосновкада” оор жүк ташуучу унааларга кайрадан чектөө киргизилди.   Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, мындай чара начар аба ырайына байланыштуу кабыл алынды.   Жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө тыюу абал жакшырганга чейин күчүндө болот. Ал эми жеңил машинелер үчүн түйүн ачык, бирок айдоочулар бардык жол… Кененирээк…

Бишкек – Ош унаа жолунда жылынып алуучу түйүндөр ачылат

Бишкек – Ош унаа жолунда жылынып алуучу түйүндөр ачылат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, “Сосновка” жана “Арал” постторунда чатырлар тигилип, ысык тамак-аш жана жылытуучу түйүндөр уюштурулат.   Аба-ырайынын катаал шарттарына карабай, учурда Бишкек – Ош жана Бишкек – Нарын – Торугарт… Кененирээк…

Митинг өткөрүүгө тыюу салган чечимдин мөөнөтү узартылды

Милициянын Бишкектин Биринчи Май районунун аймагында митинг өткөрүүгө тыюу салган чечиминин мөөнөтү 31-мартка чейин узартылышын райондук сот мыйзамдуу деп тапты. Бул тууралуу бүгүн 10-январда Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.   Мекеменин маалыматына караганда, Ала-Тоо аянтында, Жогорку Кеңештин, президенттик администрациянын, Жогорку соттун, Улуттук… Кененирээк…

Ордо калаадагы арктикалык суук туура бир жума кармалат

Ордо калаадагы арктикалык суук туура бир жума кармалат. Синоптиктердин маалыматына ылайык, бүгүн башталган кар эртең кечкиге чейин дээрлик токтобой  жаайт.   Андан кийин жаан-чачын күтүлбөйт, бирок катуу суук болот. Бүгүн шаарда нөл градустун тегерегинде болсо, эртең -10, бейшембиде -17 градус болушу күтүлүүдө. Бул күндүзгү аба… Кененирээк…

Кыргызстанда жогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуунун экинчи туру жүрүп жатат

Кыргызстанда жогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуунун экинчи туру жүрүп жатат. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, ал 11-январга чейин уланат.   Документ тапшыруунун жол-жобосу ведомство сайтында жеткиликтүү. Ал эми 14-январга чейин окууга кабыл алынган абитуриент тандалган окуу жайда билим ала тургандыгын тастыкташы керек. Белгилеп кетсек,… Кененирээк…

Кыргызстандын энергосистемасы катуу суукка даяр

Кыргызстандын энергосистемасы катуу суукка даяр. Бул тууралуу Улуттук электр станцияларынан билдиришти.   Андан такташкандай, өлкө аймагындагы бардык подстанциялар жана электр өткөрүү линиялары пландык, капиталдык оңдоо иштеринен өткөн, объектилерде кубаттуулук жогорулатылды.   Андан тышкары, аномалдуу суукка туруштук берүү үчүн комплекстүү чараларды көрдү, алсак, жетекчиликтин жана жер-жерлерде… Кененирээк…

Россияда мигранттарды кошумча медициналык текшерүүдө акы алынбай турган болду

Москва шаарынын аймагында чет өлкөлүк жарандардын башкалар үчүн коркунуч туудурган жугуштуу оорулардын бар-жогуна кошумча (тереңдетилген) текшерүүдөн өткөндүгү үчүн акы төлөө жокко чыгарылды. Бул туурасында Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен кабарлашты. Дипломатиялык өкүлчүлүктөн бул Кыргызстан тараптын бир нече ирет кайрылуусунан жана КРдин Тышкы иштер министрлигинин, Россиядагы элчиликтин РФ… Кененирээк…

Чемпиондор лигасынын 5 жолку чемпиону, жарым коргоочу Гарет Бейл карьерасын жыйынтыктаганын жарыялады

Чемпиондор лигасынын 5 жолку чемпиону, жарым коргоочу Гарет Бейл карьерасын жыйынтыктаганын жарыялады. 33 жаштагы спортчу бул чечим ага кыйынга турганын моюндады.   Бейлдин соңку клубу “Лос-Анжелес” болуп калды. Ал эми ага чейин футболчу “Реал Мадриддин” жылдыздуу оюнчуларынын бири болгон. Бул испаниялык клуб менен Гарет Бейл… Кененирээк…