Дүйнөдөгү эң кары аял 117 жашын белгиледи

Дүйнөдөгү эң кары аял эсептелген испаниялык Мария Браньяс Морера 117 жашын белгиледи. Ал 1907-жылы 4-мартта Американын Сан-Франциско шаарында төрөлгөн.   Рекордчу акыркы 23 жылдан бери Каталониядагы карылар үйүндө жашайт. Мариянын начар укканын эске албаганда ден соолугунда эч кандай көйгөй жок.   Ал жакында узак жашоонун… Кененирээк…

Үй-бүлө кодексинин жаңы долбоору коомдук талкууга чыкты

Үй-бүлө кодексинин жаңы долбоору коомдук талкууга чыкты. Документте Министрлер кабинети өлкөдө нике аял менен эркектин ортосунда гана болоорун баса белгилөөнү сунуштайт. Башкача айтканда, бир жыныстуу никеге тыюу салуу расмий түрдө белгиленген.   Ошондой эле жетинчи муунга чейинки түз туугандардын ортосунда никеге турууга болбойт. Азыр бул… Кененирээк…

Өлкө аймактарында электр энергиясынын өчүрүлүшүнүн себеби айтылды

Өлкө аймактарында электр энергиясынын өчүрүлүшү автоматташтыруунун иштешин жөнгө салуу чараларына байланыштуу. Бул тууралуу Энергетика министринин орун басары Талайбек Байгазиев билдирди.   Анын айтымында, суткалык керектөө 70 миллион киловатт-саатка чейин өсүп, иш жүзүндө азайбай жатат. Жогорку чыңалуудан улам, системанын автоматтык жүктөмүн азайтуу иштетилет. Эрежега ылайык, ал… Кененирээк…

Таласта жети жылдан бери бүтпөй турган бала бакча жакында пайдаланууга берилет

Талас облусунун Көк-Сай айылында жети жылдан бери бүтпөй турган бала бакча жакында пайдаланууга берилет. Бул тууралуу бизге жергиликтүү бийликтен билдиришти.   Мектепке чейинки билим берүүчү жай 140 орундуу. Долбоор боюнча имарат эки кабаттан турат.   Курулушу 2017-жылы башталган бала бакча республикалык бюджеттен каржыланууда.

Ысык-Көлдө дагы бир мамлекеттик дарыкана ачылды

Каракол шаарында жайгашкан Ысык-Көл облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда “Эл Аман” мамлекеттик дарыканасы ачылды. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.   Бул дарыкананын ачылышы менен коомдун бардык катмарлары үчүн жеткиликтүү жана сапаттуу дары-дармектерди алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.   Белгилеп кетсек, буга чейин мамлекеттик дарыканалар Балыкчы жана Чолпон-Ата… Кененирээк…

Казакстан Кыргызстанга эки миң тонна дизель берди

Казакстан Кыргызстанга гуманитардык жардам катары эки миң тонна дизель берди. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, мындай жардам Бишкек Жылуулук электр борборундагы буга чейинки авариялык кырдаалдын кесепеттерин жоюу иштерине колдоо көрсөтүү үчүн жөнөтүлдү.   Жүктүн 1 миң тоннасы бүгүн Бишкекке келип түштү. Калган… Кененирээк…

Бишкекте автобустар үчүн газ куюучу станция ачылды

Бишкекте автобустар үчүн газ куюучу жай ачылды. Муниципалитеттен кабарлашкандай, объект «Бишкек жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорт ишканасынын» автобазасында жайгашкан.   Станциянын күнүнө 100 автобуска газ толтурууга кубаты жетет. Жакында кубаттулук дагы көбөйтүлөт.   Белгилеп кетсек, учурда шаарда 600дөн ашуун жаңы автобус иштеп жатат. Ушул айдын аягында Кытайдан… Кененирээк…

Кыргызстанда жалпысынан 50дөн ашык айыл жана конуш газдаштырылды

Кыргызстанда жалпысынан 50дөн ашык айыл жана конуш газдаштырылды. Бул тууралуу Энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.   Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө 53 миңден ашуун үй, же 270 миңдей адам газга туташуу мүмкүнчүлүгүн алды.   Буга чейин конуштардагы 29 миң үй гана газ системасына туташкан.

Быйыл Ош шаарына 2 млн түп гүл отургузулат

Быйыл Ош шаарына 2 млн түп гүл отургузулат. Бул тууралуу Novosti.kgге “Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Абай Большевиков билдирди.   Маалыматка ылайык, көчөт отургузуу иштери ушул айдын аягында башталат.   Белгиленгендей, гүлдөрдүн уругу негизинен Европадан сатып алынган. Жалпысынан түштүк борборду гүлдүн… Кененирээк…

Кыргызстанда үрөндөрдү химиялык жол менен дарылоо иштери башталды

Кыргызстанда үрөндөрдү химиялык жол менен дарылоо иштери башталды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, республиканын аймагында кылкандуу дан эгиндеринин чаңчыл жана катуу кара көсө илдеттери дээрлик бардык облустарда кездешет. Айрыкча илдет Ысык-Көл, Талас, Чүй жана… Кененирээк…