Ош шаарында 10дон ашык үй-бүлөгө бизнес баштоо үчүн сертификаттар тапшырылды

Ош шаарында 13 үй-бүлөгө чакан ишкерлик баштоо үчүн товарларды жана жабдууларды сатып алууга сертификаттар тапшырылды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.   Белгиленгендей, үй-бүлөлөр гендердик стереотиптерди жана басмырлоону жоюуга, зомбулукту азайтууга багытталган «Татыктуу жашоо» долбооруна катышкан. Аталган долбоор Ош шаарынын мэриясы менен «ДИА» коомдук фонду, «Alert International»… Кененирээк…

Кыргызстан суу каптоодон жабыр тарткан Казакстанга гумжардам жөнөттү

Кыргызстан суу каптоодон жабыр тарткан боордош казак элине гуманитардык жардам жөнөттү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, бүгүн, 6-апрель таңкы саат 4:00дө ӨКМдин гумжардам кербенин министр Бообек Ажикеев Бишкек шаарынан узатты.   Жалпы 300 тонна гумжардам даярдалган.   Суу каптоодон жабыр тарткан Казакстандын калкына күрүч, кумшекер, кесме,… Кененирээк…

Синоптиктер Чүй облусунда жана борбордо катуу шамал болорун билдиришти

Синоптиктер бүгүн түштөн кийин Чүй облусунда жана борбордо катуу шамал болорун билдиришти. Метеорологдордун айтымында, айрым жерлерде шамалдын ылдамдыгы секундасына 20 метрге жетет. Куткаруучулар жарандардан өзгөчө этият болууну суранат.   Маалыматка ылайык, мындай аба ырайы кечке чейин созулат. Айдоочулар машинесин бак-дарактардын жанына токтотпошу керек.

ЮНИСЕФ мектептерди санитардык-гигиеналык каражаттар менен камсыздоодо

ЮНИСЕФ Кыргызстандагы мектептерди 16 млн сомдук санитардык-гигиеналык шаймандар менен камсыз кылууда. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 2024-жылдын март айында ЮНИСЕФ 460 мектепке санитардык-гигиеналык каражаттарды жеткирип жатат. Алардын арасында айнек жана пол тазалоочу буюмдар, кир жуугуч жана кол жуугуч самын, чака,… Кененирээк…

Баткендеги “Ак-Кыя” өткөрүү пункту бүгүн убактылуу иштебейт

Баткендеги кыргыз-өзбек чек арасында жайгашкан “Ак-Кыя” өткөрүү пункту бүгүн убактылуу иштебейт. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.   Маалыматка ылайык, аталган бекетте түшкү саат 12ден күндүзгү 4кө чейин адамдардын, унаалардын жана жүктөрдүн өтүүсү чектелет.   Мындай чара техникалык иштерге байланыштуу.

Кара-Балта жана Токмок шаарларын өнүктүрүүгө 1 млрд сомдон бөлүнөт

Кыргызстандын президентинин демилгеси менен Кара-Балта жана Токмок шаарларын өнүктүрүүгө 1 миллиард сомдон бөлүнөт. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров эки шаарды өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери боюнча кеңешме өткөрдү.   Кара-Балта шаарында бөлүнгөн бюджеттик каражаттын эсебинен асфальт-бетон заводун, таш майдалоочу цехти куруу, жол куруучу техникаларды сатып алуу, Кербен… Кененирээк…