Бишкекте унаасын туура эмес жерге токтоткон айдоочуларга айып салынды

Бишкекте мэриянын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин адистери, Жол кыймылынын коппсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте рейд уюштурду. Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чаранын алкагында Жусуп Абдрахманов көчөсүнүн боюндагы аялдамалар, тактап айтканда, адатта эл көп чогулган «Айчүрөк» соода борборунун жанындагы аялдамалар текшерилди. Анда тейлөө маданияты, санитардык… Кененирээк…

Денис Петрашов экинчи ирет Азия чемпиону болду

Денис Петрашов экинчи ирет Азия чемпиону болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт демартаментинен билдиришти.   Кыргызстандын сууда сүзүү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Денис Петрашов Нью-Кларк шаарында (Филиппин) өтүп жаткан Азия чемпионатынын эки жолку чемпиону аталды.   Спортчу алгач 50 м аралыкка сүзүп 1-орунду… Кененирээк…

Кыргызстанда маркумдардын cөөгүн өрттөөгө уруксат берилди

Кыргызстанда жаңы кабыл алынган “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” мыйзамынын негизинде каза болгон адамдардын cөөгүн атайын крематорийлерде өрттөөгө (кремация кылууга) уруксат берилди. Бул тууралуу аталган мыйзамдын автору, Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев Бишкектеги басма сөз жыйынында документти чечмелеп жатып айтты.   Мыйзамды… Кененирээк…

Бишкектин айрым тилкелеринде жол-тротуарларды оңдоо иштери кайрадан жүргүзүлөт

Бишкектин айрым участокторунда жолдорду жана тротуарларды оңдоо иштери кайрадан жүргүзүлөт. Муниципалитеттен билдиришкендей, бул акыркы убакта шаардын айрым тилкелериндеги жолдордун абалы боюнча кайрылуулар көбөйгөндүгү менен байланыштуу. 2023-жылдын ноябрь айында мэр Айбек Жунушалиев артыкчылыктуу милдеттердин бири катары тротуарларды оңдоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин сапатын текшерүүнү тапшырган. Тапшырманы… Кененирээк…

Дүйнөдөгү эң ири IT компанияларынын кирешеси ачыкталды

Дүйнөдөгү эң ири IT компанияларынын кирешеси ачыкталды. Apple компаниясы өткөн жылы бир секунд ичинде 3 миң 74 доллардан тапкан. Ал эми бир жылдык кирешеси 97 миллиард долларга теңелген.   Бул тууралуу AltIndex консталтинг компаниясынын отчетунда айтылат. Изилдөөгө ылайык, өткөн жылы Apple   5 технологиялык компаниялардан алдыга… Кененирээк…

Токтогул ГЭСнин №1 гидроагрегаты реконструкцияга берилет

Токтогул ГЭСнин №1 гидроагрегаты реконструкцияга берилет. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 2024-жылга коюлган иш пландын негизинде Токтогул ГЭСинин бир гидроагрегаты быйыл жаңыланышы керек.   Учурда станцияда 1 миң 320 МВт кубаттуулуктагы 4 гидроагрегат иштейт. Токтогул ГЭСинин жалпы кубаттуулугу ушул маалга чейин 1 миң… Кененирээк…

Ошто эки көчө капиталдык оңдоо иштеринен өтөт

Ошто эки көчө капиталдык оңдоо иштеринен өтөт.   Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, кеп Мамыров жана Амир-Тимур көчөлөрү тууралуу болуп жатат. Жергиликтүү бийлик асфальттын жаңы катмарын төшөп, ирригациялык тармакты жаңыртып, тротуарларды куруу ниетинде.   Андан тышкары, көчө жарыгы орнотулуп, аймакты көрктөндүрүү жана жашылдандыруу пландалууда.

Кыргызстанда ажырашуулар көбөйүүдө

Кыргызстанда ажырашуулар көбөйүүдө. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. Алсак, өткөн жылы 45,5 миң үй-бүлө түзүлсө, 12 миң 550 ажырашуу катталган.   Салыштыруу үчүн ведомство  2011-жылга карата статистиканы келтирет, анда 56 миң үй-бүлө каттоого алынып, ажырашуулардын саны болгону 8 миң 700дү түзгөн.

Жеңишбек Жоробеков Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалды

Жеңишбек Жоробеков Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.   Жеңишбек Жоробеков буга чейин Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын начальниги болуп иштеген.  Ал эми 5 жылдан бери Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгын жетектеп… Кененирээк…

Ысык-Көл облусунда 6 миң “акылдуу” эсептегич орнотулду

Ысык-Көл облусунда 6 миң “акылдуу” эсептегич орнотулду. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Долбоордун экинчи этабында жалпысынан 82 миңден ашык абоненттин үйүндө заманбап  жабдуу пайда болот.   Программа Европалык кайра калыбына келтирүү жана өнүктүрүү банкынын каржылык колдоосу менен ишке ашууда.   “Акылдуу” эсептегичтер электр жабдууларга күч… Кененирээк…