Кыргызстан менен Тажикстандын топографиялык топторунун жыйыны өттү

Бишкекте 19-25-май күндөрү кыргыз-тажик чек арасын тактоого байланыштуу эки өлкөнүн жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу өттү. Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлагандай, анда тараптар чек ара сызыгынын калган тилкелердеги өтүүсүн сыпаттоо тууралуу өз ара сунуштарын алмашты.   Калган аймактарды сыпаттоо боюнча иш Тажикстанда өтчү келерки жолугушууда уланат.… Кененирээк…

Кыргызстанда «Кызыл китепке» кирген илек-илек кушуна санак жүргүзүлүүдө

Дүйнө жүзүндө илек-илек канаттуусуна санак жүргүзүлүп жатканына байланыштуу Кыргызстанда дагы аталган кушка саноо жүргүзүлдү.   NABU-Кыргызстан уюмунан билдиришкендей, илек-илек же ак-кунастарды саноо иш-чарасы эки этап менен өткөрүлөт. Азыр анын биринчи этабынын жыйынтыгы чыгуу алдында турат.   «Учурда жалпы жыйынтыкты маалыматтык базага киргизип, ар бир санак… Кененирээк…

КМШ Өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйыны Россия өтөт

Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине (КМШ) мүчө өлкөлөрдүн Өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйыны 2024-жылдын 7-8-ноябрында Россияда өтөт. Бул тууралуу аталган кеңештин жыйынында башкы катчы Сергей Лебедев билдирди.   Эске салсак, бул жолу КМШ өкмөт башчыларынын кезектеги жыйыны Ашхабад шаарында уюштурулду.

Ак-Талаада заманбап оорукана курулат

Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө айылында заманбап оорукана курулат. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматынан билдиришти.   Медициналык жай 2 кабаттан туруп, 20 орунга ылайыкташтырылат. Имараттын курулушуна республикалык бюджеттен каражат бөлүнгөн.  

Фархат Алжамбаев Каракол шаарынын мэри болуп дайындалды

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 47-беренесине ылайык Алжамбаев Фархат Абды-Хамитович Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын мэри болуп дайындалды.