Жалал-Абад облусунда жаңы мектеп колдонууга берилди
Жалал-Абад облусунда жаңы мектеп колдонууга берилди. Мамлекеттик курулуш агенттигинин маалыматына ылайык, билим берүү мекемеси 225 окуучуга чакталат. Ал Тогуз-Торо районунун Чет-Булак айылында жайгашкан. Курулуш иштерине каражат республикалык бюджеттен бөлүнгөн.