Бишкекте “Айтматов жана театр” VI эл аралык театр фестивалы башталды

Бишкекте Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында “Айтматов жана театр” VI эл аралык театр фестивалы башталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.   Фестиваль залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган.   Иш-чарада Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан,… Кененирээк…

“Ноокен технопарк” эркин экономикалык аймагы пайда болушу мүмкүн

Жалал-Абад облусунда “Ноокен технопарк” эркин экономикалык аймагы пайда болушу мүмкүн. Тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин сайтында талкууга коюлду.   Бул аймакты өнүктүрүүгө, жаңы өндүрүштөрдү ишке киргизүүгө жана инвестиция тартууга жардам берет деп күтүлүүдө.   Технопарк үчүн 180 гектар жер бөлүп берүү сунушталды.

Көлмө конушунда тиричилик таштандыларын чогултуучу пункт пайда болду

Бишкектин Көлмө конушунда тиричилик таштандыларын өзүнчө чогултуучу дагы бир пункт пайда болду. Муниципалитеттен билдиришкендей, бул жерде эл аралык стандарттарды жана санитардык-гигиеналык нормаларды эске алуу менен таштандыларды сорттоо үчүн 6 евро контейнер орнотулган.   Таза суу, канализация жана электр энергиясы тартылып, таштандыларды сорттоочу бөлмө жабдылган.  … Кененирээк…

Чүй облусунда терезе чыгарган заводдун курулушу башталды

Чүй облусунда терезе чыгарган заводдун курулушу башталды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.   Ишкананы куруу үчүн жеке тараптар фонддордун бири менен 5 млн доллардан ашык каржылык келишимге кол койгон.   Завод толук кандуу иштеп баштаса, 300 адам жумуш менен камсыз болору айтылды.

Жакыпбек Субагожоев Ноокатка аким болду

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Жакыпбек Субагожоев Ош облусунун Ноокат районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким болуп дайындалды.   Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Темирболот Абыкеев Кара-Сууга акими болуп дайындалды

Темирболот Абыкеев мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Ош облусунун Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.   Тиешелүү тескемеге мамлекет башчысы Садыр Жапаров кол койгон.

Ошто Өзбекстандын Башкы консулдугу ачылды

Ош шаарында Өзбекстандын Башкы консулдугу ачылды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.   Консулдук Өзбекстан менен экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташууну мындан ары өнүктүрүү, өлкөдөгү өзбек жарандарына ар тараптуу жардам берүү максатында ачылды.

Чүй облусунда аз камсыз 28 үй-бүлө жаңы турак жайлуу болду

Чүйдүн Москва районундагы Крупская айылында аз камсыздалгандар үчүн социалдык шаарча курулду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.   Курулуш коомдук кайрымдуулук фонд тарабынан ишке ашырылды. Анын алкагында жалпысынан 28 үй-бүлөгө турак жайдын ачкычы тапшырылды.   Жакын арада бул жерге тигүү цехи жана ФАП салынат.

Кыргызстанда жаңы башкы санитардык дарыгер дайындалды

Кыргызстандын башкы санитардык дарыгери болуп Элден Калчакеев дайындалды. Бул туууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.   Ведомстводон белгилешкендей, Элден Калчакеевдин саламаттык сактоо тармагында тажрыйбасы мол жана билими терең.    

Бишкекте кагаз буюмдарын чыгарган жаңы ишкана ачылды

Бишкекте санитардык-гигиеналык кагаз буюмдарын чыгарган жаңы ишкана ачылды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.   Ишкана суткасына 25 тонна продукция өндүрөт, мында 125 адам жумуш менен камсыз болгон.   Заводду ачуу үчүн жеке ишкер фонддордун бири менен 3 млн доллардан ашык каражатка келишим… Кененирээк…