Кыргызстанда жыл сайын Жусуп Баласагын күнү белгиленет
Кыргызстанда эми жыл сайын Жусуп Баласагын күнү белгиленет. Тиешелүү чечим Министрлер кабинетинин 2023-жылдагы жыйынтыктоочу жыйынында кабыл алынды. Маалыматка ылайык, Жусуп Баласагын күнү 21-сентябрда белгиленет. Бул улуу ойчул Жусуп Баласагындын чыгармачылыгын сактоо, өнүктүрүү жана кеңири жайылтуу максатын көздөйт.