Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 10,5 миллиард  кубометрди түздү

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 10,5 миллиард  кубометрди түздү.   “Электр станциялары” ишканасынын маалыматына ылайык, суунун агып келиши секундасына 615 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 442 куб метрди түзүүдө.   Өлкөнүн энергетиктери керектөөчүлөрдү электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырат. Кошумчаласак, өткөн жылдын ушул мезгилинде суунун… Кененирээк…

Ош шаарынын тургуну велосипед менен ажылык сапарга барып келди

Ош шаарынын 28 жаштагы тургуну Эрмахаммат Тожимахаммат велосипед менен ажылык сапарга барып келди. Ал 2023-жылдын 4-майында ажылык сапарга аттанган.   Эрмахаммат Тожимахаммат Өзбекстан, Казакстан, Грузия, Түркия жана Дубай аркылуу Саудияга жетип, мусулмандык парзын аткарып, бүгүн, 13-июлда 71 күн өткөн соң Өзбекстан аркылуу өлкөгө аман-эсен кайтып… Кененирээк…

Оштон Ысык-Көлгө аба каттамдардын саны көбөйтүлөт

Оштон Ысык-Көлгө аба каттамдардын саны көбөйтүлөт. “Манас” эл аралык аэропортунун маалыматына ылайык, дагы бир жергиликтүү компания Ош-Тамчы-Ош багытын киргизип жатат.   Бул кошумча каттам аптасына бир ирет – жума күндөрү аткарылат. Эске салсак, буга чейин башка авиакомпания тарабынан Оштон көл жээгине учактар жумасына 6 жолу… Кененирээк…

Жайкысын курч ичеги инфекцияларына кабылуу күч алат

Жайкысын курч ичеги инфекцияларына кабылуу күч алат. Саламаттыкты сактоо министрлигинен эскертишкендей, өзгөчө жаш балдар жана иммунитети начар адамдар ооруга көп кабылат.   Инфекция жуктуруп албаш үчүн дарыгерлер жеке гигиенаны сактоого чакырат. Коомдук жайлардан кийин жана тамактанар алдында сөзсүз түрдө колду самындап жууш керек. Андан тышкары,… Кененирээк…

Жер басып алгандарга карата жаза күчөтүлдү

Жер басып алгандарга карата жаза күчөтүлдү. Кылмыш-жаза кодексине жана Укук бузуулар кодексине  өзгөртүүлөрдү киргизүү долбооруна Садыр Жапаров кол койду.   Ага ылайык, өлкөдө жерлерди, тилкелерди басып алып, имарат куруп алгандар 7 жылга чейин эркинен ажыратылат же 200 миң сомго чейин айыпка тартылат. Буга чейинки жаза… Кененирээк…

Тайландда эс алуучуларга өзгөчө бургер сунушталды

Тайландда эс алуучуларга өзгөчө бургер сунушталды. Анын курамында сырдан башка эч нерсе жок. Мындай тез тамактануу азык – “чыныгы чизбургер” аталышын алды.   Эки нандын ортосунда 20 кесим сыр бар. Өзгөчө чизбургердин баасы 3 доллардын тегерегинде. Ал эми эт сүйүүчүлөрүнө бир гана эт кесимдеринен турган… Кененирээк…

Бишкектин Калыс-Ордо конушунда жаңы бала бакчанын курулушу башталды

Бишкектин Калыс-Ордо конушунда жаңы бала бакчанын курулушу башталды. Бизге мэриядан билдиришкендей, мектепке чейинки билим берүү мекемесинин аянты 1 миң чарчы метрден ашып, 140 бөбөккө чакталат.   Анда уктоочу бөлмөлөр, оюн бөлмөлөрү, ашкана, медициналык кабинет, музыка жана гимнастикалык залдар, техникалык жайлар каралган. Курулуш иштерине каражат шаар… Кененирээк…

Ысык-Көл облусунда Барскоон – Каракол унаа жолунун курулушу кийинки жылы башталат

Ысык-Көл облусунда Барскоон – Каракол унаа жолунун курулушу кийинки жылы башталат. Бул тууралуу novosti.kgге Унаа жана жолдор министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришти.   Күтүлгөндөй, иштерди Азиялык өнүктүрүү банкы каржылайт. Тилкенин жалпы узундугу 75 чакырымды түзөт. Курулуш 2027-жылы аяктайт деп пландалууда. Долбоорду ишке ашыруунун баасы такталбайт.

Ленин округу боюнча депутатты кайра шайлоонун үгүт  жүргүзүү кампаниясы 21-августта башталат

Ленин округу боюнча депутатты кайра шайлоонун үгүт  жүргүзүү кампаниясы 21-августта башталат. Боршайкомдун маалыматына ылайык, ага бир күн калганда талапкерлерди каттоо токтотулат. 10-августка чейин мандатка ээ болууну каалагандар талапкерлигин жылдыра алат.   Ал эми 100 мин сомдук шайлоо күрөөсүн 13-августка чейин төлөш керек.   Эске салсак,… Кененирээк…

Кыргызстанда унаа менен көмүр чыгарууга убактылуу тыюу салуу сунушталды

Кыргызстанда унаа менен көмүр чыгарууга убактылуу тыюу салуу сунушталды. Министрлер кабинетинин токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Чектөөлөр 8 айга киргизилиши мүмкүн.   Бул убакыт аралыгында кара отунду темир жол менен жана кыргыз-кытай чек арасындагы “Торугарт”, “Эркечтам” өткөрүү түйүндөрү аркылуу чыгарса болот.   Бийлик күзгү-кышкы сезондо… Кененирээк…