Калмира Билимбек кызы Түркиядагы турнирде коло медалга ээ болду

Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Калмира Билимбек кызы «Yasar Dogu, Vehbe Emre & Hamit Kaplan» эл аралык мелдешинде 3-орунду ээледи. Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, мелдеш Түркиянын Анталия шаарында 7-марттан 11-мартка чейин өтүүдө.   Мелдешке спортчу 59 кг чейинки салмакта катышып, 1/4… Кененирээк…

Жоламан Шаршенбеков эл аралык турнирдин жеңүүчүсү аталды

Балбан Жоламан Шаршенбеков Yasar Dogu, Vehbe Emre & Hamit Kaplan эл аралык мелдешинде алтын медаль утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.   Спортчу 60 кг салмакта күчүн сынаган. Шаршенбеков 1/8 финалдагы биринчи беттешинде казакстандык спортчуну 9:0 эсебинде жеңди. Андан кийин чейрек финалда… Кененирээк…

Айсулуу Тыныбекова Түркиядагы эл аралык мелдеште алтын утту

Айсулуу Тыныбекова Түркиядагы эл аралык мелдеште алтын утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.   Тыныбекова чечүүчү беттеште казакстандык Ирина Кузнецованы 5:0 эсебинде жеңип, турнирдин жеңүүчүсү аталды. Ушул эле спорттук иш-чарада Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Үзүр Жусупбеков коло байгеге ээ… Кененирээк…

Тоолуу райондордо кар көчкү түшүшү мүмкүн

Кыргызстанда 11-мартка чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу тоолуу райондордо кар көчкү түшүшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан эскертишти.   Ведомствонун маалыматына караганда, Мырзаке —Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолунун 55-115-чакырымдарында кар көчкү түшүү ыктымалдыгы жогору.   Жолдор тайгак болуп, муз… Кененирээк…

Кыргызстанда ички каттамдарга билет баалары жогорулаган жок

Кыргызстанда ички каттамдарга билет баалары жогорулаган жок. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан ишендиришти.   Мекеменин дарегине республика ичиндеги авикаттамдарга билеттердин баасы боюнча кайрылуулар түшкөн. Анын негизинде отурум өткөрүлүп, баа жогорулабагандыгы аныкталган.   Белгиленгендей, учак билеттери 4 миң сомдон ашпайт.

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун имаратын оңдоо иши жанданды

Курулушу дээрлик 30 жылдан бери бүтпөй турган Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун имаратын оңдоо иши жанданды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.   Жал кичирайонунда жайгашкан оорукананын үч кабаттуу имаратын куруу 1995-жылы башталып, толук бүтпөй калган. Бул жер эксплуатацияга берилсе, Гемодиализ борбору иштеп… Кененирээк…

Токтогул жана Үч-Коргон ГЭСинде оңдоо иштери кызуу жүрүүдө

Токтогул жана Үч-Коргон ГЭСинде оңдоо иштери кызуу жүрүүдө. Энергетика министрлиги билдиргендей, Токтогул ГЭСинин агрегатынын турбиналары аянтчага чыгарылып, тиешелүү жерлерин ширетүү, жыйноо, чогултуу, тазалоо, оңдоо жумуштары аткарылууда. Ал эми Үч-Коргон ГЭСинин агрегатына генератор орнотуучу аянтча даярдалып, айрым жабдуулары жана системалары орнотула баштады.   Аталган гидроэлектрстанцияларды реконструкциялоо… Кененирээк…