Кыргызстанда 80ден ашуун конуш жер титирөө болушу ыктымал зоналарда жайгашкан

Кыргызстанда 80ден ашуун ири калктуу конуш жер титирөө болушу ыктымал зоналарда жайгашкан. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына караганда, бул аймактарда өлкө калкынын 75 пайызга жакыны жашайт.   Ведомство Кыргызстан географиялык жайгашуусунан улам көптөгөн табигый кырсыктарга дуушар болгон мамлекет экенин белгилейт.

Эртең Бишкектин чыгыш тарабында суу болбойт

Эртең Бишкектин чыгыш тарабында суу болбойт. Мэриянын маалыматына ылайык, саат 9:00дөн түнкү саат 00:00гө чейин “Учкун” кичи районунда жана ушул эле аталыштагы конушта өчүрүүлөр күтүлөт.   Иш-чаралар магистралдык суу түтүгүндөгү аварияны жоюуга байланыштуу. Бул өтө татаал жана көп убакытты талап кылган процесс экени белгиленет.  … Кененирээк…

Баткен шаарында 22 чакырым кошумча жол курулду

Баткен шаарында 22 чакырым кошумча жол курулду. Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, трасса Ош — Баткен — Исфана жолунун Баткен шаарын аралап өткөн бөлүгүндөгү унаа тыгындарын азайтуу, оор жүк ташуучу машинелердин шаарды айланып өтүүсүнө шарт түзүү, жарандардын коопсуздугун сактоо максатында салынды. Ал үчүн республикалык бюджеттен 190… Кененирээк…

Бишкектин түштүгүндө билимге арналган мурал пайда болду

Бишкектин 10-кичирайонундагы көп кабаттуу үйдүн дубалында мурал пайда болду.   Муниципалитеттен билдиришкендей, арт-объектте ар кандай курактагы адамдар чагылдырылган. Сүрөттө адам өмүр бою билим алууга тийиш экендиги баса белгиленет.   Мурал жайгашкан жерди тандоодо Октябрь районунун акимчилиги жана “Бишкекбашкыархитектура” ишканасы көмөктөшкөн.

Бишкекте КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын жыйыны аяктады

Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын күзгү сессиясынын алкагында Бишкекте КМШ ПААнын 56-пленардык жыйыны өз ишин аяктады.   Жыйынга  Азербайжан, Армения, Беларус, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Орусиянын парламенттик делегациялары катышты. Анын алкагында 16-17-ноябрь күндөрү КМШ ПАА Кеңешинин отуруму, КМШ ПААнын 56-пленардык жыйыны,… Кененирээк…

Билим берүү министринин жаңы орун басарлары дайындалды

Билим берүү жана илим министринин бир орун басары кызматынан бошотулуп, экөө жаңы дайындалды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.   Маалыматка ылайык, Аида Рысбаева аталган мекеменин орун басары кызматынан бошотулуп, Лира Самыкбаева жана Муратбек Касымалиев министрдин жаңы орун басары болуп дайындалды.

Кытайда келин күйөөсүн адаттан тыш тамашага салды

Кытайда келин күйөөсүн адаттан тыш тамашага салды. Болочоктогу күйөөсүнүн сабырын сынап көрүүнү чечкен кытайлык аял эркектин мурунку сүйлөшкөн кыздарын тойго чакырган.   Салтанат болгон жерге келген күйө эмоцияга алдырбай, жайбаракат гана үйлөнүү каада-салттарын уланткан.   Социалдык тармактардын колдонуучулары ал кишини токтоолугу үчүн мактап жатышат.

Быйыл Баткен облусунда 24 мектеп куруу пландалууда

Баткендин Базар-Башы кварталында жаңы мектеп курулууда. Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, билим уясы 500 орунга ылайыкташкан.   Курулушка  республикалык бюджеттен 133 млн сом жумшалууда. Учурда иштер 40 пайызга аяктады. Объектти 2024-жылы пайдаланууга берүү пландалып жатат.   Быйыл Баткен облусунда жалпы 24 мектеп куруу жана капиталдык оңдоп-түзөө… Кененирээк…

Бишкекте кайрадан жолдор жабылып, троллейбустар убактылуу токтотулду

Бишкекте кайрадан жолдор жабылып, бардык троллейбус каттамдары убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Бишкек троллейбус башкармалыгы билдирди.   Жолдордун ачылышы жана жабылышы тууралуу алдын ала маалымат берилет.   Белгилеп кетсек, мындай чаралар ордо калаада өтүп жаткан КМШга мүчө мамлекеттердин Парламенттер аралык ассамблеясынын күзгү сессиясына байланыштуу.