Бишкекте бош орундар жарманкеси өтөт

Бишкекте бош орундар жарманкеси өтөт. Шаардык ишке орноштуруу бөлүмүнөн билдиришкендей, иш-чара 29-ноябрда Кыргыз мамлекеттик филармониясында, саат 10до башталат.   Анда калкка 6 миңден ашык бош орундар сунушталат.   Каалоочулар ошондой эле ылайыктуу кесипти тандоо үчүн тест тапшырып, талап кылынган адистиктер боюнча акысыз кайра даярдоо курстары… Кененирээк…

Чолпон-Ата шаарында калкты тейлөө борбору ачылды

Чолпон-Ата шаарында калкты тейлөө борбору ачылды. Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдиргендей, объект Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланган.   Борбор күнүнө 500гө чейин адамды кабыл ала алат. Анда даректи каттоо, жарандык маселелер каралат, булуттук электрондук колтамга берилет.   Документтерди кабыл алуу жана тариздөө үчүн ичинде касса,… Кененирээк…

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу келерки жылы башталышы мүмкүн

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу келерки жылы башталышы мүмкүн. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров билдирди.   Чиновник долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин жаңылоо дээрлик аяктап калганын айтты.   Эске салсак, октябрь айында Транспорт министринин орун басары Ырысбек Бариев 311 чакырым темир жол каттамы биздин аймактан “Торугарт… Кененирээк…

Чоң-Алайда сегиз жылдан бери курулушу бүтпөй турган мектеп ачылды

Чоң-Алайда сегиз жылдан бери курулушу бүтпөй турган мектеп ачылды. Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинен билдиришти.   Кашка-Суу айылындагы мектеп 375 орунга ылайыкташкан. Билим уясынын курулушу республикалык бюджеттин эсебинен 2015-жылы башталган, бирок ушул кезге чейин каражаттын тартыштыгынан бүтпөй турган.

Бишкекте дагы бир мамлекеттик дарыкана ачылды

Бишкекте дагы бир мамлекеттик дарыкана ачылды. Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, аптека Туңгуч кичи районундагы №4 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун базасында жайгашкан.   Эске салсак, Кыргызстанда жалпысынан 80 мамлекеттик дарыкана ачуу пландалып жатат. Аларда дары-дармектин 800дөн ашык түрү жеткиликтүү.   Баасы жеке дарыканаларга салыштырмалуу 10-15 пайызга арзан… Кененирээк…

Улуу Британияда стресстен арылуунун адаттан тыш жолу сунушталды

Улуу Британияда стресстен арылуунун жана тынчсызданууну азайтуунун адаттан тыш жолу сунушталды.   Бир ферманын кожойкеси уйлар менен дарылоо сеансын уюштурууда. Анын алкагында каалоочулар жаныбарларды кучактап же алар менен бирге сейилдесе болот.   Британиялык аялдын айтымында, мындай жагдай адамдарга жакшы таасир берип, жан дүйнөсүн тынчтыкка бөлөйт.… Кененирээк…

Ак-Талаа районуна жаңы оорукана курулат

Ак-Талаа районуна жаңы оорукана курулат. Тиешелүү тендерди Нарын облустук курулуш башкармалыгы жарыялады. Ага ылайык, Кош-Дөбө айылында 20 орундуу медициналык мекеме пайда болот.   Долбоорду ишке ашырууга 66 миллион сомдон ашык жумшоо пландалууда.

ОшМУ эл аралык рейтингде алдыңкы үчтүккө кирди

ОшМУ Евразиялык билим берүү мейкиндигинин эл аралык рейтингинде алдыңкы үчтүккө кирди. Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, 1-орунду аль-Фараби атындагы казак университети, 2-орунду Россия өкмөтүнө караштуу Финансы окуу жайы ээледи.   Жалпысынан тандоого 11 өлкөнүн алдыңкы университеттери катышты.   Рейтинг билим берүүчү жайдын сапатын жана академиялык коомчулуктагы… Кененирээк…

Мектеп окуучуларынын тамак-ашына чыгымдарды көбөйтүү пландалууда

Кыргызстанда мектеп окуучуларынын тамак-ашына бюджеттик чыгымдарды көбөйтүү пландалууда. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева билдирди.   Анын айтымында, бул маселе Каржы министрлиги менен талкууланып жатат. Чечим оң болсо, мамлекеттик мектептердеги башталгыч класс окуучуларынын ысык тамагына бөлүнгөн акча 14 сомго көбөйтүлөт.   Кошумчалай… Кененирээк…

Кыргызстанда кечээги «өзгөчө» датада 200гө жакын түгөй баш кошту

Кыргызстанда кечээги «өзгөчө» датада 193 түгөй баш кошту. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирди.   23.11.23 сандарын камтыган күнү Бишкекте жалпы 37 түгөй мамилелерин мыйзамдаштырган, анын ичинде 21 салтанат Бакыт үйүндө өткөн. Ош шаарындагы Бакыт үйүндө 5 үлпөт болду.