Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунда үч жол тейлөө пунктун куруу иштери башталды

Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунда үч жол тейлөө пунктун куруу иштери башталды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, пункттар жолдун 107-, 261- жана  358-чакырымдарында жайгашат. Аталган түйүндөр авариялык кырдаалдар жаралганда же көчкү түшкөн учурларда кооптуу тилкелерге ыкчам жетип, өз убагында чара көрүүгө… Кененирээк…

Төө-Ашуу, Өтмөк, Долон жана Кубакы ашууларында кар жаап жатат

Төө-Ашуу, Өтмөк, Долон жана Кубакы ашууларында кар жаап жатат. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, Өтмөк ашуусунда кардын калыңдыгы 20-25 сантиметрге жетти.   Учурда жол тейлөө кызматтары жолдорду кардан тазалап, кум-туз аралашмасы себилүүдө. Ашууларда жол ачык, унаа кыймылына чектөө киргизилген жок. Министрлик айдоочуларды ылдамдыкты ашырбоого… Кененирээк…

Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолу бүгүнтөн тарта 5-майга чейин убактылуу жабылат

Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолу бүгүнтөн тарта 5-майга чейин убактылуу жабылат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, бул күндөрү жолдун 54-чакырымындагы жөө өтмөктү демонтаждоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу саат 9дан 4кө чейин маал-маалы менен жабылып турат. Унаа жолу жабылган учурда… Кененирээк…

Узундугу 120 чакырымды түзгөн Нарын – Баетов жолу жаңыланууда

Узундугу 120 чакырымды түзгөн Нарын – Баетов жолу жаңыланууда. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, бүгүнкү күндө  8-13-чакырымга чейинки аралыгында асфальттын экинчи катмары төшөлүп жатат.   Калган тилкелерде жер иштери жана суу өткөрүүчү түтүктөрдү орнотуу процесси жүрүүдө. Белгилеп кетсек, Нарын – Баетов унаа жолунун жалпы узундугу … Кененирээк…

Быйыл Петровка – Нарзан булагы жолунун 7 чакырымы асфальтталат

Чүй облусунун Москва районундагы Петровка – Нарзан булагы унаа жолуна асфальт төшөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, жолдун жалпы узундугу 52 чакырымды түзүп, анын 27 чакырымы мурда асфальтталган. 2026-жылга карата Титулдук тизмеге киргизилип, кошумча 7 чакырым жолду асфальттоо пландалган. Бүгүнкү… Кененирээк…

Түндүк-түштүк альтернативалык жол 2028-жылы толук кандуу колдонууга берилет

Түндүк-түштүк альтернативалык жол 2028-жылы толук кандуу колдонууга берилет. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министри Талант Солтобаев билдирди.   Анын айтымында, быйыл жайында трасса убактылуу ачылат. Чиновник белгилегендей, коопсуздук толук кандуу камсыздалганга чейин, кышкысын жол жабык болот. Таш түшүү, сел жүрүү жана башка жаратылыш кырсыктар бар… Кененирээк…

Барскоон — Бедел унаа жолунда изилдөө-даярдоо иштери толук аяктады

  Барскоон — Бедел унаа жолунда изилдөө-даярдоо иштери толук аяктады. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, долбоор активдүү фазага өттү.   Объектте 550дөн ашык адис иштеп, бетон заводун, таш майдалоочу комплекстин жана куруучулар шаарчасын куруу жүрүүдө. Өзгөчө көңүл оор инфраструктурага бөлүнүп жатат — долбоор өзүнө 50дөн… Кененирээк…

Бүгүн Лебединовка – ГЭС-5 унаа жолу ачылды

Бүгүн Лебединовка – ГЭС-5 унаа жолу ачылды.   Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, узундугу 36,5 метрди түзгөн көпүрө 5,5 метрге кеңейтилип, жөө жүргүнчүлөр үчүн дагы жаңы көпүрө курулуп, толугу менен колдонууга берилди.   Андан тышкары, асфальт-бетондун биринчи катмары төшөлдү. Жолдун эки тарабында тротуарлар, ал эми… Кененирээк…

Бишкекте “Манас” аэропортуна баруучу альтернативалык жол эки смена менен курулат

Бишкекте “Манас” аэропортуна баруучу альтернативалык жол эки смена менен курулат. Мындай тапшырманы мэр Айбек Жунушалиев берди. Эске салсак, жаңы трассанын узундугу 1,5 чакырымды түзүп, ал 4 тилкелүү болот.   Эки жагында тротуарлар, ирригациялык система жана унаа токтотуучу аймактар каралат.

Мырзаке – Кара-Шоро унаа жолунун 47-чакырымында көчкүнүн кесепеттери жоюлду

Мырзаке – Кара-Шоро унаа жолунун 47-чакырымында көчкүнүн кесепеттери жоюлду. Транспорт министрлигинин №5 Жол тейлөө ишканасы тарабынан атайын техникалар тартылып, тазалоо иштери ыкчам жүргүзүлдү.   Учурда жолдун нугун сел сууларынан коргоо үчүн жол төшөмүн 1,5 метрге чейин жогору көтөрүү, реконструкциялоо иштери аткарылып жатат.