Индонезияда “алтын визалар” пайда болот

Индонезияда “алтын визалар” пайда болот. Аларды жакынкы жумаларда чыгарууну пландап жатышат.   “Алтын визалар” чет өлкөлүк жарандарга Индонезияда узак убакытка – беш жылдан он жылга чейин болууга мүмкүндүк берет. Бирок бул кызмат баарына жеткиликтүү боло бербейт.   Алсак, чет элдиктер бир катар критерийлерге жооп бериши… Кененирээк…

Кыргызстан менен Мальдив аралдары визасыз режимди орнотту

Кыргызстан менен Мальдив аралдары визасыз режимди орнотту. Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду.   Документте эки өлкөнүн жарандарын 30 күнгө чейин визалык талаптардан бошотуу каралган. Келишим эки республиканын аймагына кирүү, чыгуу, транзиттик жана убактылуу жүрүүнү камтыйт.

Бишкектеги мектеп лагерлери 5-июндан тарта иштей баштайт

Бишкектеги мектеп лагерлери 5-июндан тарта иштей баштайт. Мэриядан билдиришкендей, жалпысынан 39 аянтча ачылат. Алардын дээрлик бардыгы тамак-аш менен камсыз болушат.   Жалпысынан төрт миңден ашык баланы камтуу пландалууда. Каникул учурунда алар үчүн маданий саякаттар, сынактар, спорттук оюндар жана башка көптөгөн нерселер уюштурулат. Мектеп лагерлери 30-июнга… Кененирээк…

Памирлик кыргыздарга үй курууга республикалык бюджеттен 80 млн сом бөлүндү

Чоң-Алайда памирлик кыргыздар үчүн үй курууга республикалык бюджеттен 80 миллион сом бөлүндү. Novosti.kgге район акими Темирболот Абыкеев билдиргендей, быйыл жалпысынан 30дан ашык үй курулары күтүлүүдө.   Этникалык кыргыздарга турак жай салууга 70 гектар жер аянты трансформацияланган. Анын 40 гектары Кашка-Суу айылында болсо, 30у Бурган-Сууда. Афганистандан… Кененирээк…

Чоң-Алайда памирлик кыргыздарга курула баштаган үйлөр жыл аягына чейин бүткөрүлөт

Чоң-Алайда памирлик кыргыздар үчүн курула баштаган үйлөр жыл аягына чейин бүткөрүлөт. Novosti.kgге район акими Темирболот Абыкеев билдиргендей, курулушка республикалык бюджеттен 80 миллион сом бөлүндү. Быйыл жалпысынан 30дан ашык үй курулат деп күтүлүүдө.   Этникалык кыргыздар үчүн турак жай салууга аймакта 70 гектар жер аянты трансформацияланган.… Кененирээк…

Балыкчы-Чолпон-Ата жолунда унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилет

2-3-июнь күндөрү Балыкчы-Чолпон-Ата жолунда унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилет. Бул тууралуу Жол коопсуздугун камсыз кылуу башкы башкармалыгынан кабарлашты.   Бул күндөрү Ысык-Көлдө Борбор Азия мамлекет башчыларынын жана Евробиримдиктин төрагасы Шарль Мишелдин жолугушуусу өтөт. Чет өлкөлөрдөн келген делегаттарды тосуп алуу жана коштоп жүрүү учурунда Балыкчы-Чолпон-Ата унаа… Кененирээк…

Боом капчыгайындагы өрттөн 10 миллион сомдон ашык зыян келтирилди

Боом капчыгайындагы өрттөн 10 миллион сомдон ашык зыян келтирилди. Бул тууралуу 24 агенттигине Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматынан билдиришти.   Мекеме өрт кырсыгы март жана май айларында катталганын эске салат.   Бардык чогултулган материалдар себептерин, күнөөлүүлөрдү аныктоо жана келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн Тоң… Кененирээк…

Бишкекте 1-июндан тарта таза сууга тариф көтөрүлөт

Бишкекте 1-июндан тарта таза сууга тариф көтөрүлөт.   Тиешелүү токтом долбоору шаардык кеңештин жыйынында кабыл алынды. Ага ылайык, 1 куб суу үчүн калк 10 сом 45 тыйындан, бюджеттик мекемелер 12 сом 95 тыйындан, башка керектөөчүлөр 18,5 сомдон төлөшөт.   Эске салсак, Бишкек шаарында сууга тариф… Кененирээк…

Жайдын биринчи айында аба-ырайы кандай боло турганын синоптиктер айтып беришти

Жайдын биринчи айында аба-ырайы кандай боло турганын синоптиктер айтып беришти. Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык,  өлкөнүн түндүк аймагында күндүз температура +36 градуска чейин ысыйт, ал эми түнкүсүн 12 градустан төмөн түшпөйт.   Түштүк облустарда аба табы дээрлик 40 градуска чейин көтөрүлсө, түнкүсүн +24 градустун тегерегинде болот.  … Кененирээк…

Бишкектен Сеул шаарына алгачкы каттам 11-июнда аткарылат

Бишкектен Сеул шаарына алгачкы каттам 11-июнда аткарылат. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунун басма-сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, каттамды кореялык авиакомпания аптасына бир жолу, жекшемби күндөрү аткарат.   Белгилеп кетсек, Түштүк Кореянын борборуна Бишкектен туруктуу аба каттамдары биринчи ирет кое берилет.