Кыргызстанда банктардын январдагы таза кирешеси 2,3 млрд. сомду түздү
Үстүбүздөгү жылдын январында Кыргызстандын банктары 2 миллиард 265,8 миллион сом өлчөмүндө таза пайда көрдү. Бул туурасында Улуттук банк маалымдады. Өткөн жылдын ушул мезгилинде тапкан кирешеси 1 миллиард 726 миллион сом болгон эле. Башкы банк билдиргендей, өлкөдө 23 коммерциялык банк иштеп жатат, алардын 319 филиалы бар.… Кененирээк…