1-январдан 7сине чейин “Унаа” мамлекеттик мекемеси иштебейт

1-январдан 7сине чейин “Унаа” мамлекеттик мекемеси иштебейт. Январдын алгачкы жумасына белгиленген теориялык экзамендер кийинки аптага жылдырылат. Ал эми 30-31-декабрда 5 бөлүм кадимки режимде иштейт.   Аларда унааны каттап, айдоочу күбөлүгүн жаңыртууга же калыбына келтирүүгө арыз таштаса болот.

Кыргызстанда чет өлкөлүк 1 миң 975 жаранга “санариптик көчмөн” макамы берилди

Кыргызстанда чет өлкөлүк 1 миң 975 жаранга “санариптик көчмөн” макамы берилди. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, статусту алууга Азербайжандын, Армениянын, Беларустун, Казакстандын, Молдованын жана Россиянын жарандары арыз бере алат.   “Санариптик көчмөн” макамы анимация, графикалык дизайн, программалоо, IT-продуктуларды иштеп чыгуу, робототехника жана жасалма… Кененирээк…

Кыргызстанда сууда калкып иштеген күн электр станциясы пайда болот

Кыргызстанда сууда калкып иштеген күн электр станциясы пайда болот. Энергетика министрлигинен билдиришкендей, пилоттук долбоорду “Чакан ГЭС” ишке ашырат.   Каражатты гранттык негизде Азиялык өнүктүрүү банкы бөлүп берген. Станция ГЭС-5тин суткалык жөнгө салуу бассейнинде орун алат. Бүгүнкү күнгө карата  негизги жабдууларды орнотуу, трнсформатордук подстанцияга коштуруу жана… Кененирээк…

Бишкекте эртең, 29-декабрдан тарта №146 муниципалдык автобустун жаңы каттамы ишке кирет

Бишкекте эртең, 29-декабрдан тарта №146 муниципалдык автобустун жаңы каттамы ишке кирет. Мэриядан билдиришкендей, линияга 25 транспорт кое берилет. Алар 8-10 мүнөттүк аралык менен жүрөт.   Каттамдын баштапкы аялдамасы – “Бишкек автобекети” муниципалдык ишканасы, акыркы аялдамасы – Чоң-Арык айылы.

Улуттук электр тармактары абоненттер үчүн акция жарыяланганын эскертет

Улуттук электр тармактары абоненттер үчүн акция жарыяланганын эскертет. Анын алкагында электр энергиясы үчүн карызы бар абонеттер 31-декабрга чейин төлөм жүргүзсө, туумдар чийилет.   Бул сунуш жеке жактарга дагы, мамлекеттик бюджеттен каржыланган уюмдар үчүн дагы тиешелүү. Туумдар акция аяктаганда жокко чыгарылат. Бирок иши сотко өтүп кеткен… Кененирээк…

Кыргызстанга вакцина сактоо үчүн 11 муздаткыч камера жеткирилди

Кыргызстанга вакцина сактоо үчүн 11 муздаткыч камера жеткирилди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти. Жабдуулардын жалпы баасы 35 миллион сомдон ашат.   Каражатты эл аралык уюмдардын бири бөлүп берген. Муздаткыч камералар Баткен, Чүй, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Нарын жана Ош облустарына орнотулат.

Өлкөнүн ашууларында жолдор унаа кыймылына ачык

Өлкөнүн ашууларында жолдор унаа кыймылына ачык. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, жолчулар тынбай иштеп, трассаларды кардан тазалап, инерттүү материал себилип жатат.   Тоолуу райондор аркылуу сапарга чыгууну пландап жаткан айдоочулар этият болуп, жол эрежелерин жана тиешелүү    500 метрлик аралыкты сактап жүрүшү керек. Жанында тайгактыкка… Кененирээк…

Бишкекте балдар бейтапканасы ачылды

Бишкекте балдар бейтапканасы ачылды. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, мекеме Манас проспектисинде жайгашат. Оорукана башка үй-бүлөлүк медициналык борборлордой эле иштейт.   Дарыгерлер күн сайын эртең мененки саат 8ден кечки 6га чейин кабыл алат.   Сасык тумоо жана курч респиратордук вирустар жайылса, эс алуу күндөрү дагы… Кененирээк…

Бишкек аймагы дээрлик 3 эсе чоңоет

Бишкек аймагы дээрлик 3 эсе чоңоет. Бул тууралуу шаардык кеңештин отурумунда мэр Айбек Жунушалиев билдирди.   Анын айтымында, акыркы сунуштарга ылайык, ордо калаа аймагы 12 миң 900 гектардан дээрлик 38 миң гектарга чейин кеңейет.   Бишкекке 8 айыл өкмөтү жана айрым айыл аймактары кошулат. Мэр… Кененирээк…

Энергетиктер кызматтын күчөтүлгөн тартибине өттү

Энергетиктер кызматтын күчөтүлгөн тартибине өттү. Улуттук электр тармактары ишканасынан билдиришкендей, мындай чара кыргызстандыктарды Жаңы жыл түнү жана андан кийинки эс алуу күндөрүндө үзгүлтүксүз жарык менен камсыздоо максатында кабыл алынды.   Компания жетекчилигинин, бөлүм башчыларынын жана жооптуу адистердин нөөмөтү уюштурулду.   Андан тышкары, энерго объектилерди кайтаруу… Кененирээк…