Президент депозиттерди коргоо жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизди

Президент Садыр Жапаров «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамга кол койду. Мыйзам 2023-жылдын 26-октябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.   Мыйзамдын максаты президентинин 2022-жылдын 10-августундагы № 281 «Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигин банктарды жана башка финансылык-кредиттик уюмдарды жоюу жана көйгөйлүү… Кененирээк…

Бишкекте Ала-Арча каналынан суу ташып, көчөлөрдү каптады

15-декабрда түштөн кийин Бишкек шаарынын Ахунбаев-Малдыбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги Ала-Арча каналынан суу ташып, жолду каптады.   Бул тууралуу маалыматты “Азаттыкка” шаар мэриясынын басма сөз кызматы ырастап, учурда ал жерде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бир, суу чарба башкармалыгынын эки техникасы иштеп жатканын билдирди.   Шаар мэри Айбек Жунушалиев… Кененирээк…

The Best сыйлыгына талапкер футболчулар аталды

The Best сыйлыгына талапкер футболчулар аталды. Алардын бири мыкты оюнчу катары белгиленет.   Сыйлыкка “Манчестер Ситинин” чабуулчусу Эрлинг Холанд, ПСЖдан Килиан Мбаппе жана “Интер Майамиге” өтүп кеткен Лионель Месси көрсөтүлдү. Финалчыларды эл аралык калыстар тобу тандады.   Анын курамында машыктыруучулар, курамалардын капитандары, спорттук журналисттер жана… Кененирээк…

Ысык-Көл облусунда жаңы жол белгилери орнотулду

Ысык-Көл облусунда жаңы жол белгилери орнотулду. Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунан билдиришкендей, көрсөткүч такталар Тоң районунда пайда болуп, Сан-Таш комплексине баруучу жолду, Көл-Тор көлүнө аралыкты жана Ак-Суу районундагы Жергез капчыгайына баруучу жолду көрсөтөт.   Ошондой эле белгилер Жети-Өгүз району үчүн  даярдалды.   Алар Жууку, Кызыл-Жар капчыгайлары… Кененирээк…

Республика аймагында бүгүнкү күндө 70 миңден ашык кассалык-көзөмөл аппараты иштеп жатат

Республика аймагында бүгүнкү күндө 70 миңден ашык кассалык-көзөмөл аппараты иштеп жатат. Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, жабдуунун 33 түрү кирген бирдиктүү реестр түзүлдү.   Ведомство техникалык тейлөө борборлору менен кызматташып, ККМ аппараттарын сатып алуу боюнча иштерди жеңилдетүү аракетин көрүүдө.   Андан тышкары, өлкөдөгү бир нече банктар… Кененирээк…

Кыргызстанга 143 миңден ашык жеңиш унаа алып келинди

Кыргызстанга 143 миңден ашык жеңиш унаа алып келинди.   Январдан октябрга чейинки маалымат менен Улуттук статистика комитети бөлүштү. Өткөн жылдын ушул эле мөөнөт аралыгына салыштырмалуу, импорт 394 пайызга өстү.   Бул жылы өлкөгө ташылган унаалардын жалпы баасы 1 миллиард сомдон ашат. Машиналардын көбү Кытай, Түштүк… Кененирээк…

Футбол боюнча Чемпиондор лигасынын плей-офф бөлүгүнүн бардык катышуучулары аныкталды

Футбол боюнча Чемпиондор лигасынын плей-офф бөлүгүнүн бардык катышуучулары аныкталды. Тайпа ичиндеги биринчи орун менен кийинки турга “Бавария”, “Арсенал”, “Реал”, “Реал Сосьедад”, “Атлетико”, “Боруссия”, “Манчестер Сити” жана “Барселона” чыкты.   Экинчи орун менен – “Копенгаген”, “ПСЖ”, “Интер”, “Наполи”, “Лацио”, “Лейпциг” жана “Порту”.   Жарым чейрек финалга… Кененирээк…

Кыргызстанда кийинки жылы 212 мектеп, 50 бала бакча ачылат

Кыргызстанда кийинки жылы 212 мектеп, 50 бала бакча ачылат.   Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров курултайда билдирди. Анын айтымында, 2025-жылга чейин 560 кыска мөөнөттүү бала бакча ачылат.   Бала бакчалардын профилдери өзгөртүлүп, дагы 122 миң бала камтылат. Өкмөттүн маалыматында, Кыргызстанда 1-6 жаштагы 960… Кененирээк…

Чүй облусунда күн электр станциясы курулат

Чүй облусунда күн электр станциясы курулат. Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, объект Кичи-Кемин айыл аймагында пайда болот. Курулуш алдына 124 гектар жер тилкеси бөлүндү.   Долбоорду ишке ашыруунун баасы 100 миллион долларды түзөт.

Кыргызстандык куткаруучулар Казакстанда кар күрткүгө кабылган 16 жаранды Бишкекке жөнөттү

Кыргызстандык куткаруучулар Казакстанда кар күрткүгө кабылган 16 жаранды Бишкекке жөнөттү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык,  коңшу өлкө аймагында кар күрткүгө кабылып, жол жүрө албай калган 16 кыргыз жараны Отар айылынан Кордайды көздөй жөнөтүлдү.   Андан ары алар Бишкекке келишет. Эске салсак, Алга айылы менен Кордай… Кененирээк…