Кыргызстандык суучулдар Дохада өтчү дүйнө чемпионатына катышат

Кыргызстандын сууда сүзүү боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Денис Петрашов жана Елизавета Печерских дүйнө чемпионатына катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.   Дүйнө биринчилиги Катардын Доха шаарында 2-18-февраль күндөрү өтөт. Мелдештин жүрүшүндө жалпы 76 комплект медаль ойнотулат.   Курама команда башкы машыктыруучу… Кененирээк…

Жер титирөөдөн Ысык-Көл жана Нарында 21 соцмекеменин имаратынан жарака кеткен

23-январга караган түнү очогу Кытайдын аймагында болуп, толкуну Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстанга чейин жеткен жер титирөөдөн Ысык-Көл жана Нарында 21 социалдык мекеменин имаратынан жарака кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.   Жалпысынан эки облустан 16 үйдүн дубалдарынан майда жаракалар кеткен жана 11 үй Жарандык… Кененирээк…

“Кальмар оюндары” сериалынын экинчи сезону жыл аягына чейин чыгат

“Кальмар оюндары” сериалынын экинчи сезону жыл аягына чейин чыгат. Бул тууралуу Netflix убада кылууда.   Экинчи сезондо көрүүчүлөр тааныш жана жаңы актёрлорду көрүшөт.   Эске салсак, “Кальмар оюндарынын” премьерасы 2021-жылдын октябрында өтүп, Netflixтин бардык убактагы эң чоң сериалы болуп калган.   Шоу өткөн жылы алты… Кененирээк…

Республикада эки миңден ашык мектепти интернетке кошуу пландаштырылууда

Республикада эки миңден ашык мектепти интернетке кошуу пландаштырылууда. Билим берүү министрлиги бул боюнча тендер жарыялады.   Долбоордун бюджети 33 миллион сомго бааланды. Документте туташтырууда техникалык мүчүлүштүктөр жаралса, подрядчы бул тууралуу Билим берүү министрлигине тез арада билдирүүгө жана объекттерди башкасына алмаштырууга милдеттендирилет деп айтылат.   Интернет… Кененирээк…

Эртең Жалал-Абаддын эки кичи районунда суу берүү токтотулат

Эртең Жалал-Абаддын эки кичи районунда суу берүү токтотулат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.   Маалыматка ылайык, оңдоп-түзөө жумуштарына байланыштуу эртең мененки саат 10дон кечки 6га чейин Спутник жана Көк-Арт кичи райондоруна суу убактылуу өчүрүлөт.   Калк таза сууну алдын ала камдап алышы керек.

Бишкекке 600 таштанды контейнери сатылып алынды

“Тазалык” муниципалдык ишканасы таштанды үчүн 400 желим жана 200 темир контейнер сатып алды.   Алар шаардыктардын катуу тиричилик калдыктары үчүн гана эмес, чарба жүргүзүүчү субъекттер үчүн да орнотулууда.   Эске салсак, былтыр 530 контейнер сатылып алынган.

Таласта тигүү цехи ачылды

Талас облусунун Бекмолдо айыл аймагында тигүү цехи ачылды. Жергиликтүү бийликтен билдиришкендей, учурда ал жерде 30дай айыл тургуну иштеп жатат.   Маалыматка ылайык, ишкана аймактагы кен иштеткен компаниялардын биринин демилгеси менен ачылган. Тигилген кийимдер да кен чыккан ишкананын жумушчулары үчүн ылайыкташат.

Ош базарында башаламан соода кылгандарга каршы рейд уланууда

Ош базарынын айланасында башаламан соода кылгандарга каршы рейд уланууда. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.   Белгиленгендей, Ош базарынын аймагында соодагерлер тротуарларда жана жолдордо башаламан сооданы жүргүзүүгө тыюу салуу боюнча муниципалитеттин бир нече жолу эскерткенине карабай иштеп келишет.   Рейд Ленин райондук акимчилиги, «Тазалык» ишканасынын, райондук… Кененирээк…

Сокулукта вакцина сактоочу атайын кампа ачылды

Чүйдүн Сокулук районундагы мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунда вакцина сактоочу бөлмө ачылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, кампаны орнотуу Канада өкмөтүнүн жана ЮНИСЕФтин каржылык колдоосу менен ишке ашты.   Белгиленгендей, Кыргызстан боюнча жалпысынан вакциналарды сактоочу 11 жаңы бөлмө ачылат. Ага 35 млн… Кененирээк…

«Манас» эл аралык аэропорту сатып алган эки учак Кыргызстанга жакында келет

«Манас» эл аралык аэропорту былтыр өз каражатына сатып алган эки учак Кыргызстанга жакында алып келинет. Бул тууралуу аталган аба майдандан билдиришти.   Маалыматка ылайык, учурда техника Канадада модернизациядан өтүүдө. Тагыраагы, учактардын сырткы көрүнүшү кыргызстандык компаниянын брендине ылайыкташтырылууда. Ошондой эле заманбап кычкылтек системаларын орнотуу, орундуктарды көбөйтүү… Кененирээк…