Диетологдор эң пайдалуу күзгү жемиштерди атады

Диетологдор эң пайдалуу күзгү жемиштерди атады. Алар – ашкабак, кызылча жана капуста. Адистердин айтымында, ашкабак клетчатка жана А витаминине бай болуп, көздүн көрүүсүн жана иммунитетти жакшыртат.   Ал эми кызылча стрессти азайтып, картаюу процессин жайлатат. Капуста ашказан ооруларын айыктыруу касиетке ээ.

Парламент депутаттары “Билим жөнүндө” мыйзамына өзгөртүү киргизүүнү демилгеледи

Парламент депутаттары “Билим жөнүндө” мыйзамына өзгөртүү киргизүүнү демилгеледи. Ага ылайык, бала бакчаларда ата-энелердин эсебинен тамак уюштуруу нормасын алып салуу сунушталууда.   Документте жазылгандай, эгер өзгөртүү киргизилбесе, анда балдардын көбүндө мектепке чейинки билим алууга мүмкүнчүлүгү болбой калат. Мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.   Эске салсак, 11-августта… Кененирээк…

9-ноябрда Бишкектин бир катар аймактарында ичүүчү суу болбойт

9-ноябрда Бишкектин бир катар бөлүктөрүндө ичүүчү таза суу болбойт. Бул тууралуу «Бишкек суу канал» ишканасы маалымдады. Билдирмеге ылайык, бул күнү саат 9:00дөн 21:00гө чейин турак үйлөрдө, мектептерде, балдардын мектепке чейинки уюмдарында, саламаттык сактоо объектилеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы, өнөр жай мекемелеринде суу берүү токтотулат. Бул… Кененирээк…

Чүй облусунда көп функционалдуу логистикалык борбор курулат

Чүй облусунда көп функционалдуу логистикалык борбор курулат. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жетекчисинин орун басары Нурадил Баясов билдирди.   Анын айтымында Министрлер Кабинети менен жергиликтүү компаниянын ортосунда инвестициялык макулдашууга кол коюлду. Долбоордун баасы 20 миллион долларды түзөт.   Борбордун жалпы аянты 20 миң чарчы… Кененирээк…

Бишкекте туруктуу жашаган жери жок адамдар үчүн убактылуу баш калкалоочу жай ачылды

Бишкекте туруктуу жашаган жери жок адамдар үчүн убактылуу баш калкалоочу жай ачылды. Мэриянын маалыматына караганда, үй-жайсыз жарандарга 80 орундуу жай уюштурулду.   Имарат төшөк-жууркан менен камсыздалып, баш калкалоого ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Алсак, кайрылуучулар бир жолку ысык тамак менен камсыз болушат, зарыл медициналык жардам системалуу түрдө… Кененирээк…

Бишкекте кызылча оорусу көп катталып жаткандыктан инфекциялык ооруканада кошумча бөлүм ачылды

Бишкекте кызылча оорусу көп катталып жаткандыктан инфекциялык ооруканада кошумча бөлүм ачылды.   Оорукананын башчысы Гүлжигит Алиев билдиргендей, учурда бейтаптарды 4 бөлүм кабыл алууда. Жыл башынан бери бул илдетке чалдыккандар 3,5 миңге чукулдады, алардын көбү 4 жашка чейинки балдар. Бейтаптардын эң көбү Бишкекте, Ошто, Чүйдө жана… Кененирээк…

Чүй каналында чакан ГЭС орнотуу боюнча пилоттук долбоор иштеп баштады

Чүй каналында чакан ГЭС орнотуу боюнча пилоттук долбоор иштеп баштады. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады. Чакан ГЭС    200 кВт саатка чейин электр энергиясын иштеп чыгат.   Пилоттук долбоорду ишке ашыруу үчүн инвестицияны Кыргыз  мамлекеттик техникалык университетинин алдындагы “КОНАС” илимий-инженердик борбору тарткан.

Бишкек ЖЭБинин кышка даярдыгы текшерилди

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 6-ноябрда Бишкек жылуулук борборунун (ЖЭБ) кышка даярдыгын текшерди. Өкмөттүн басма сөз кызматы анда борбордун негизги агрегаттарын, көмүр кампаларынын даярдыгын көрдү. Тиешелүү мекеме-түзүмдөр үйлөргө жылуулук берилген маалдарда күчөтүлгөн тартипте иштеши керектигин, чукул кырдаалдын алдын алуу үчүн ыкчам чара көрүү топтору болушу… Кененирээк…