Улуттук банк телефон шылуундарынан сак болууга чакырат

Улуттук банк телефон шылуундарынан сак болууга чакырат. Өлкөнүн башкы каржы мекемесинин маалыматына караганда, жарандарга телефон чалып өздөрүн банк кызматкери катары тааныштырып, ар кандай шылтоолор менен жеке маалыматтарды, картанын реквизиттерин сураган фактылар бар.   Улуттук банк мындай маалыматты эч качан телефон аркылуу сурабай турганын, жарандарга эсеп… Кененирээк…

Былтыр Ош облусунда өнөр жай багытында 61 жаңы ишкана ачылды

Былтыр Ош облусунда өнөр жай багытында 61 жаңы ишкана ачылды. Жергиликтүү бийликтин маалыматына ылайык, аймакта бул багытта жалпысынан 17 млрд сомдон ашык продукция өндүрүлүп, көлөм 2022-жылга салыштырмалуу 2 млрд 650 млн сомго көп болгон.   Ишканаларды ачуунун негизинде облус аймагында жалпы 6 миңден ашык жаңы… Кененирээк…

«Жалал-Абад» аэропортунун иши жанданды

«Жалал-Абад» аэропортунун иши жанданды. Novosti.kgге “Манас” эл аралык аба майданынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, учурда аймактагы туман тарады.   Эске салсак, буга чейин Жалал-Абадды коюу туман каптап, учактар коно албай жатканы кабарланган.   Буга байланыштуу Бишкек—Жалал-Абад багыты боюнча учкан авиакаттамдардын бардыгы «Ош» эл аралык аэропортуна… Кененирээк…

Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигинин директору кызматынан бошотулду

Канатбек Тургунбеков министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.   «Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, КР Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 5-пунктуна, 71-беренесине ылайык министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин… Кененирээк…

Бишкек мэриясы контролерлорду ишке чакырат

Бишкек мэриясы автобус, троллейбустардагы төлөмдү көзөмөлдөө үчүн контролерлорду ишке чакырат.   Муниципалитеттен билдиришкендей, эмгек акысы күнүнө 1200 сом жана ар бир саткан «Тулпар» карталары үчүн 10 сом каралган.   Бардык суроолор боюнча төмөнкү номерлерге кайрылса болот:   — “Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы” муниципалдык ишканасы 0312… Кененирээк…

«Жалал-Абад» аэропортун коюу туман каптап, учактар коно албай жатат

«Жалал-Абад» аэропортун коюу туман каптап, учактар коно албай жатат. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы кабарлады.   Буга байланыштуу Бишкек—Жалал-Абад багыты боюнча учкан авиакаттамдардын бардыгы «Ош» эл аралык аэропортуна багытталууда.   «Жалал-Абад» аэропортунун иши жанданганда кошумча маалымат берилет.

Сүлүктүдө маданий IT борбордун курулушуна капсула салынды

Сүлүктүдө маданий IT борбордун курулушуна капсула салынды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.   Мында электрондук китепкана, балдар искусство мектеби, тарых музейи, ошондой эле административдик жайлар болот.   Долбоордун наркы 50 миллион сомдон ашты.

Бүгүнтөн тарта Бишкекте №55 автобус жүрө баштады

Бүгүнтөн тарта Бишкекте №55 автобус жүрө баштады. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.   Маршрут Чоң-Арык айылынан айланма жол менен жүрүп, Байтик Баатыр көчөсүн, Жибек Жолу жана Чыңгыз Айтматов проспектилерин камтыйт. Анын узундугу 24 чакырым.   Бул линияга 20 автобус чыгат. Алардын аралыгы 10 мүнөттү түзөт.

Чүй облусундагы аз камсыз үй-бүлөлөр үчүн күн батареялары орнотулду

Чүй облусундагы аз камсыз үй-бүлөлөр үчүн күн батареялары орнотулду. Эмгек министрлигинин маалыматына караганда, «Нур-Кубат» долбоорунун алкагында 10 үй-бүлөгө техникалар тапшырылды.   Программа пилоттук режимде Жайыл жана Чүй райондорунда ишке ашырылууда.   Мекеме бул үй-бүлөлөрдөн ашыкча өндүрүлгөн электр энергиясын мамлекет сатып аларын белгилейт. Бул жарандарды кошумча… Кененирээк…

Кыска мөөнөттүү бала бакчалар керектүү материалдар менен камсыздалат

Билим берүү министрлиги кыска мөөнөттүү бала бакчаларды керектүү материалдар менен камсыздайт. Бүгүнкү күндө 289 объектиге оюнчуктар жана окуу буюмдары тапшырылды. Заманбап балдар аянтчалары да алынып, аба ырайына жараша орнотулууда.   Мекеме эске салгандай, өлкө боюнча 500дөн ашык кыска мөөнөттүү бала бакча ачылат.   Долбоор Дүйнөлүк… Кененирээк…