Кыргызстанда жол коопсуздугун көзөмөлдөгөн кызматкерлерге камера тагыла баштады

Кыргызстанда жол коопсуздугун көзөмөлдөгөн кызматкерлерге камера тагыла баштады. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.   Маалыматка ылайык, мындай саамалык Ысык-Көл облусунан башталды, андан кийин камералар Чүйдөгү кызматкерлерге берилет. Анын алкагында кызматкерлердин ишин 24 саат бою көзөмөлгө алса болот.   Камералар бардык кыймыл-аракеттерди онлайн көрсөтүп турат… Кененирээк…

Республиканын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт

28-29-июлда республиканын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт. Синоптиктердин айтымында, мындай коркунуч аба ырайынын туруксуз шарттарынан улам болушу мүмкүн.   Негизинен тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү ыктымал. Жарандар жолдордо сак болушу шарт.

Финляндияда телефонсуз кантип жашаса болорун ойлоп табышты

Финляндияда телефонсуз кантип жашаса болорун ойлоп табышты. Ага ылайык, өлкөдө «санариптик детокс» деп аталган дүйнөдөгү биринчи арал пайда болду.   Ал жерге барган саякатчылардан аппараттарды чөнтөктөн чыгарбоо жана бир аз убакытка социалдык тармактан баш тартуу талап кылынат.   Психологдордун айтымында, мындай бир жумалык тыныгуудан кийин… Кененирээк…

Ленин округундагы кайра шайлоого катышуу үчүн тогуз адам арыз берди

Бишкектин Ленин округундагы кайра шайлоого катышуу үчүн тогуз адам арыз берди. БШКнын соңку маалыматына ылайык, алардын баары өзүн-өзү көрсөткөндөр.   Талапкерлердин арызын алуу 10-августта аяктайт жана каттоо 20-августка чейин жүргүзүлөт. Шайлоонун өзү 10-сентябрга белгиленген.   Бул кайра шайлоо болгондуктан, талапкерлерди көрсөтүү, каттоо жана үгүт өнөктүгүнүн… Кененирээк…

Ошто жаңы бала бакчанын курулушу дээрлик аяктап калды

Ош шаарындагы жаңы бала бакчанын курулушу дээрлик аяктап калды. Жергиликтүү мэриядан билдиришкендей, мектепке чейинки билим берүү мекемеси 100 орунга чакталган.   Учурда курулуш иши 90 пайызга бүттү. Бала бакчанын аймагын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу, имараттын сыртын сырдоо, чарбалык курулуштар боюнча жумуштар жүрүүдө.   Иштер толугу менен… Кененирээк…

Бишкекте унаа жуучу жайларга коюлган чектөөлөр алынды

Бишкекте унаа жуучу жайлар, мончолор, бассейндер жана башка сууну көп талап кылган объекттердин иштөөсүнө коюлган чектөөлөр алынды. Мэрия ишендиргендей, ордо калаада калкты ичүүчү суу менен камсыздоо боюнча абал турукташты.   Эске салсак, чектөөлөр суунун тартыштыгына байланыштуу июнь айынын башында киргизилген.

Сугат суу маселесин чечүү үчүн бюджеттен 1 млрд сом бөлүндү

Өлкөдөгү сугат суу маселесин чечүү үчүн мамлекеттик бюджеттен 1 миллиард сом бөлүндү. Каражаттын басымдуу бөлүгү Чүй облусуна багытталат.   Президенттин аймактагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Жумагазиевдин айтымында, акча суу ирригациялык системаларын калыбына келтирүүгө, ошондой эле жаңы бассейндерди жана суу сактагычтарды курууга жумшалат.

Кыргызстан алтындын запасы боюнча дүйнөдө 67-орунда турат

Кыргызстан 16 тоннадан ашык алтындын запасына ээ жана бул жаатта ТОП-100 чоң өлкөнүн катарына кирип, дүйнөдө 67-орунда турат. Жылдын биринчи чейрегиндеги мындай маалыматтарды Дүйнөлүк алтын кеңеши таратты.   Кыргызстанга коңшу мамлекеттердин ичинен Тажикстанда гана алтындын кору аз. Алтындын ээлери боюнча дүйнөлүк рейтингде Өзбекстан менен Казакстан… Кененирээк…

Ошто эң чоң завод ачылат

Ошто эң чоң завод ачылат. Novosti.kgге президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Нурильич Токонбаев билдиргендей, Кара-Суу районундагы ишкана саатына 150 тонна асфальт чыгарат.   Жеке ишкер куруп жаткан завод ишке кирсе 70 адам иш менен камсыз болот.

Төө-Ашуудагы туннель бүгүнтөн тарта күнүгө 10 сааттан жабылып баштайт

Төө-Ашуудагы туннель бүгүнтөн тарта күнүгө 10 сааттан жабылып баштайт. Унаа жана жолдор министрлиги билдиргендей, мындай чектөө 6-августка чейин уланат.   Ага ылайык, Сосновка өткөрмө бекетинен жүк ташуучу унаалар түнкү саат 3төн тарта күндүзгү 4кө чейин өткөрүлбөйт. Жеңил машинелер үчүн жол эртең мененки 6дан күндүзгү саат… Кененирээк…