Кыргызстанда эми бардык абитуриенттер жогорку окуу жайга тапшырганда кыргыз тилинен тест берүүгө милдеттендирилет

Кыргызстанда эми бардык абитуриенттер жогорку окуу жайга тапшырганда кыргыз тилинен тест берүүгө милдеттендирилет. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, мындай тест бүтүрүүчүлөрдүн мамлекеттик тилди канчалык деңгээлде билерин аныктоого жардам берет. Ведомстводон кошумчалашкандай, билим деңгээли аныкталгандан кийин абитуриенттер мамлекеттик тилди үйрөнүү үчүн тайпаларга… Кененирээк…

Ноокат районунда жаңы мектеп ачылды

Ноокат районунда жаңы мектеп ачылды. Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, билим берүү мекемеси Арал айылында жайгашат. Имарат 225 окуучуга чакталат.   Мектептин курулушуна каражат мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн. Анын сметалык баасы 118 миллион сомду түздү.

Министрлер кабинети Бишкек ЖЭБин модернизациялоонун 4 вариантын сунуштады

Министрлер кабинети Бишкек ЖЭБин модернизациялоонун 4 вариантын сунуштады. Бийликтен белгилешкендей, объекттеги энергоблоктордун азыркы абалы эскирип, заманбап техникалык чечимдерди талап кылат.   Өкмөт башчы Акылбек Жапаровдун айтымында, ЖЭБди модернизациялоодо атмосферага чыгарылуучу зыяндуу заттарды азайтууга, жергиликтүү кичи станцияларды курууга жана кошумча буу казандарды ачууга басым жасоо керек.… Кененирээк…

Бишкекте кезектеги мамлекеттик дарыкана ачылды

Бишкекте кезектеги мамлекеттик дарыкана ачылды. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, ал студенттер бейтапканасынын базасында жайгашкан. Дарыканада 1 миң 500дөй дары-дармек бар.   Калкка алар 10-15 пайызга арзаныраак баада жеткиликтүү. Белгилеп кетсек, ушуну менен республика боюнча мамлекеттик дарыканалардын саны 66га жетти.

Кыргызстан Түркияга 400 тонна жаңгак экспорттойт

Кыргызстан Түркияга 400 тонна жаңгак экспорттойт. Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, жаңгакты экспорттоо боюнча келишимге Анкара шаарында өткөн 11-өкмөттөр аралык кыргыз-түрк соода-экономикалык жыйынынын алкагында кол коюлду.   Келишимге ылайык, жаңгактын биринчи партиясы Түркияга 15-февралдан тарта экспорттолот.   Отурумдун жыйынтыгы боюнча эл аралык… Кененирээк…

Бишкек ЖЭБиндеги кырсыктын кесепетин жоюуга Кытай 100 миң доллар бөлүп берет

Бишкек ЖЭБиндеги кырсыктын кесепетин жоюуга Кытай 100 миң доллар бөлүп берет. Бул тууралуу Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинен кабарлашты.   Гуманитардык каржылык колдоо тууралуу макулдашуу бүгүн  аталган өлкөнүн Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиевдин жолугушуусунда жетишилди.   Эске салсак, 2-февралга караган түнү Бишкек… Кененирээк…

Бишкекте электр энергиясы үчүн карызын төлөй элек 4 миңден ашык керектөөчү жарыксыз калышы мүмкүн

Бишкекте электр энергиясы үчүн карызын төлөй элек 4 миңден ашык керектөөчү жарыксыз калышы мүмкүн.   Ордо калаанын электр тармактары ишканасынан билдиришкендей, аралыктан өчүрүүлөр эртең башталат.   Ыңгайсыздыктарга кабылбаш үчүн жарандарга бүгүн электр энергиясы үчүн карызды төлөө сунушталат. Төлөмдөр терминалдар жана электрондук капчыктар аркылуу кабыл алынат.

Бишкекте “акылдуу” светофорлор долбоорунун экинчи фазасын ишке ашырууга каражатты фонддордун бири бөлүп берет

Бишкекте “акылдуу” светофорлор долбоорунун экинчи фазасын ишке ашырууга каражатты фонддордун бири бөлүп берет. Мэриядан билдиришкендей, донор 380 миллион сомдук арызды карап жатат.   Долбоордун биринчи этабынын алкагында “акылдуу” жол чырактар Токомбаев – Байтик Баатыр көчөлөр кесилишинде орнотулган. Анда шаар бюджетинен 128 миллион сом бөлүнгөн.

Аксы окуясында жабыркагандарга  социалдык төлөмдөрдүн өлчөмү көбөйтүлдү

Аксы окуясында жабыркагандарга  социалдык төлөмдөрдүн өлчөмү көбөйтүлдү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, жөлөкпулдун өлчөмү 3 миң 700 сомдон 4 миң 500 сомго жогорулады. Кошумча жөлөкпулдун бул түрүн алуучуларга 2023-жылдын 1-сентябрынан тартып кайра эсептөө жана төлөө жүргүзүлөт.

Кыргызстанда акыркы жумада 422 мас айдоочу аныкталды

Кыргызстанда 5-февралдан тартып 11-февралга чейин 23 миң 413 жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.   Маалыматка ылайык, анын ичинен: — тийиштүү докумменттери жок унаа башкарган — 345 айдоочу; — мас абалында унаа башкарган — 422 айдоочу; —… Кененирээк…