Базар-Коргондо 83 млн сомдон ашык акчага бала бакча курулат

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда 75 орундуу бала бакча куруу планладууда.   Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматка караганда, тендерди Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Турак жай жарандык курулуш департаментинин Жалал-Абад облустук капиталдык курулуш башкармалыгы жарыялады.   Бала бакчанын курулушунун сметалык баасы 83 млн… Кененирээк…

Бишкекти көрктөндүрүү боюнча эки айлык жарыяланды

Бишкекте 11-марттан 11-майга чейин борбор калааны көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча эки айлык жарыяланды.   Муниципалитеттен билдиришкендей, анын алкагында көчөлөрдү тазалоо жана жашылдандыруу иштери жүргүзүлүп, менчигинин түрүнө карабастан уюмдар жана мекемелердин өкүлдөрү, ошондой эле көп кабаттуу үйлөрдө жана жеке турак жайларда жашаган жарандар тартылат.

Нью-Йоркто Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын өкүлү дайындалды

Сабыр Рахматов Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын Нью-Йорк шаарындагы (АКШ) өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынан билдиришти.   Маалыматка ылайык, сертификатты палатанын президенти Темир Сариев тапшырды.   Жакын арада Нью-Йоркто Соода-өнөр жай палатасынын өкүлчүлүгүнүн кеңсесин ачуу пландалууда, ал эки өлкөнүн бизнес коомчулугун илгерилетүү жана… Кененирээк…

Гүл дагы эле 8-мартка карата эң популярдуу белек болуп саналат

Гүл дагы эле 8-мартка карата эң популярдуу белек болуп саналат. Өлкөдөгү аялдардын 42%ы белекке гүл алгысы келсе, эркектердин 53%ы жакындарына гүл берүүнү каалаарын социологдор аныкташкан.   Экинчи орунда таттуулар турат. Эксперттер ошондой эле интеллектуалдык белектерге эки тараптан тең суроо-талап аз экенин аныкташкан.

Борбор Азиянын калкынын саны 100 миллиондон ашат деп болжолдонууда

БУУ 2050-жылга карата Борбор Азиянын калкынын саны 100 миллиондон ашат деп болжолдоодо. Эксперттердин айтымында, Борбор Азия мамлекеттери төрөттүн көрсөткүчү калктын санына барабар же андан жогору болгон мамлекеттердин катарына кирет.   Божомолдорго караганда, Өзбекстан аймактагы калкы эң көп өлкөгө айланат. Андан кийин Казакстан, Тажикстан, Кыргызстан жана… Кененирээк…

Быйыл Катардан Кыргызстанга каттамдар ачылат

Быйыл Катардан Кыргызстанга каттамдар ачылат. Мамлекеттик жарандык авиация агенттигинин маалыматына караганда, Дохадан Бишкекке учактар ​​июнь айынан тарта каттай башташы мүмкүн.   Люксембург, Венгрия, Латвия жана Кипр менен да жаңы каттамдарды ачуу боюнча сүйлөшүүлөр уланууда.

ЮНИСЕФ Кыргызстандагы 100 мектепти компьютердик класстар менен жабдыды

ЮНИСЕФ Кыргызстандагы 100 мектепти компьютердик класстар менен жабдыды. Техникалар Япония өкмөтү тарабынан каржыланган сапаттуу билим берүү долбоорунун алкагында берилди.   Программа Бишкек, Ош шаарларындагы жана өлкөнүн аймактарындагы жаңы конуштардын мектептерин камтыды. Долбоорго дээрлик 650 миң доллар сарпталган.

Ажылыкка барууну пландагандагандар үчүн акча төлөө мөөнөтү узартылды

Ажылык сапарга барууну пландаган кыргызстандыктар үчүн акча төлөө мөөнөтү 14-мартка чейин узартылды. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.   Буга чейин зыяратчылар банкка 2 миң доллар төлөшсө, эми калган 1 миң 750 долларды төгүшү керек.   Муфтият шартка ылайык сумманы төлөөгө үлгүрбөгөндөр ажылыкка баруу үчүн электрондук кезектен… Кененирээк…

Таластагы Бала-Саруу ГЭСи апрель айында пайдаланууга берилет

Таластагы Бала-Саруу ГЭСи апрель айында пайдаланууга берилет. Бул тууралуу Novosti.kgге өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.   Маалыматка ылайык, учурда курулуш иштери аяктоо алдында турат.   Эске салсак, Киров суу сактагычындагы ГЭСтин кубаттуулугу  25 мегаватты түзүп, ал жылына 92 миллион киловатт-саат электр энергиясын иштеп чыгат деп пландалууда.

Бишкекте билим жана кесиптердин көргөзмөсү өтөт

Бишкек шаарында 9-11-класстын окуучулары жана алардын ата-энелери үчүн билим жана кесиптердин көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.   Маалыматка ылайык, 9-мартта саат 12:00дөн 18:00гө чейин «Novotel» мейманканасында «Баракелде групп» компаниясы АКШ, Англия, Түркия, Латвия, Германия, Италия жана башка чет өлкөлүк университеттердин өкүлдөрү менен жолугушуу уюштурат.… Кененирээк…