Балыкчыда ири эт комбинатынын курулушу башталды
Балыкчыда ири эт комбинатынын курулушу башталды. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көлдөгү өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Эт комбинатынын кубаттуулугу суткасына 7 миң тоннаны түзүп, анын продукциясы экспортко багытталат. Ага эт Ысык-Көл жана Нарын облустарынан түшөт деп пландалууда.