Жалал-Абадда жаңы мектеп пайда болот

Жалал-Абадда жаңы мектеп пайда болот. Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинен билдиришкендей, билим берүү мекемеси 370 окуучуга чакталат. Учурда анда монтаж жана ички жасалгалоо иштери жүрүүдө.   Мектеп окуучуларга каалгасын ушул айдын аягына чейин ачып калат. Ал эми курулуш   2021-жылдан бери жүрүп жатат.

Ысык-Көлдө 5 туристтик сервис борбору пайда болот

Ысык-Көлдө 5 туристтик сервис борбору пайда болот. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, аткаруучу компаниялар аныкталды. Объектилер Балыкчы шаарында жана Түп, Теплоключинка, Бөкөнбаев, Тосор айылдарында жайгашат.   Туристтик борборлордо кафе, дүкөн, унаа токтотуучу жай жана эне-бала бөлмөсү каралган.   Андан тышкары, эс алуучулар бул жерден туристтик… Кененирээк…

Балдар үчүн “Санариптик ден соолук профили” кызматы ишке кирди

Балдар үчүн “Санариптик ден соолук профили” кызматы ишке кирди.   Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти. Кызматта камсыздандыруу статусу, лабораториялык текшерүүлөрдүн жыйынтыгы, эмдөөлөр жана башка маалыматтар камтылат.   Ал үчүн “Түндүк” мобилдик тиркемесин ачып, башкы бетиндеги “Санариптик ден соолук профилин” тандоо керек.

Ысык-Көлгө быйыл 1 миллион 300 миң турист келди

Ысык-Көлгө быйыл 1 миллион 300 миң турист келди. Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, бул 2022-жылга салыштырмалуу, 100 миң эс алуучуга көп.   Обладминистрация экологияны коргоо жана туристтердин коопсуздугун касыздоо боюнча иштерди күчөтүү ниетинде. Белгилеп кетсек, Ысык-Көлдө 1 миң 120 эс алуу жайы бар.

Окуучулардын тамактануусуна мамлекеттен бөлүнүүчү акчаны 14 сомго жеткирүү пландалууда

Окуучулардын тамактануусуна мамлекеттен бөлүнүүчү акчаны 14 сомго жеткирүү пландалууда.   Билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева билдиргендей, мугалимдерди жаңы муундагы ноутбук жана мазмундуу программалар менен камсыз кылууга, окуучулардын тамак-ашына, айлыктын кээ бир түрүн жогорулатууга бюджеттен кошумча 3 миллиард сом каралды.   Эске салсак, бүгүнкү күндө тоолуу… Кененирээк…

Дубайда климат боюнча дүйнөлүк саммит башталды

Саммиттин катышуучулары климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин, парник газдарын чыгарууну азайтуу аракеттерин жана башка актуалдуу маселелерди талкуулашат.   Иш-чарага келген делегация башчыларын БАЭ президенти шейх Мухаммед бин Заед Аль Нахайян жана БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш тосуп алышты. Салтанаттуу тосуп алуу жана биргелешип сүрөткө түшүү аяктагандан кийин… Кененирээк…

Австрияда композитор Моцарттын үйү аукционго чыгарылды

Австрияда композитор Моцарттын үйү аукционго чыгарылды. Анын  12-кылымдан берки тарыхы бар. Үй 50гө жакын бөлмөдөн турат. Ошондой эле анын аймагында байыркы саат жана бир нече жер төлө бар.   Ордо музыкалык окуяларга бай, алсак, 18-кылымда анда Моцарттын атактуу “Реквием” чыгармасы жазылган.   Бүгүнкү күндө ал… Кененирээк…

Кара-Балтадагы “Дан” мамлекеттик ишканасынын аймагында тегирмен жана макарон чыгаруучу завод ишке берилет

Кара-Балтадагы “Дан” мамлекеттик ишканасынын аймагында тегирмен жана макарон чыгаруучу завод ишке берилет. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигинен билдиришти.   Курулуш жөнүндө макулдашуу түркиялык компания менен жетишилди. Долбоорду ишке ашырууга ошондой эле башка инвесторлор дагы тартылат.   Күтүлгөндөй, жаңы тегирмен суткасына 150 тоннага чейин ун… Кененирээк…

Баткен облусунда “Алгакадам” аталышындагы ири ирригациялык объектинин курулушу башталды

Баткен облусунда “Алгакадам” аталышындагы ири ирригациялык объектинин курулушу башталды. Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинин маалыматына ылайык, ал Кара-Жантак жергесиндеги 4 миңден ашык гектар жерди сугат суусу менен камсыздоого мүмкүнчүлүк берет.   Таза сууга ошондой эле 7,5 миң үй-бүлө ээ болот.   Долбоорду ишке ашыруунун наркы… Кененирээк…

Кыргызстанда жыл башынан бери 650 чакырымндан ашык жолго асфальт төшөлдү

Кыргызстанда жыл башынан бери 650 чакырымндан ашык жолго асфальт төшөлдү.   Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, бул 2022-жылга салыштырмалуу, дээрлик 1,5 эсе көп.   Жолдорду калыбына келтирүү инвестициялык долбоорлордун жана бюджеттик каражаттын эсебинен жүргүзүлдү. Андан тышкары, Нарын шаарынын ички көчөлөрү, “Нарын”, “Казарман”, “Талас”, “Жалал-Абад” жана… Кененирээк…