“Барселона” футбол клубу башкы машыктыруучу кызматынан Хавини кетириши мүмкүн

“Барселона” футбол клубу башкы машыктыруучу кызматынан Хавини кетириши мүмкүн. Бул УЕФА чемпиондор лигасынын тайпалык этабында команда “Португа” утулуп калса болот.   Ийгилик жылмайбай калса, иштен кете турганын Хави өзү дагы билет. Андыктан, ал беттешке негизги курамды чыгарып, чабуул жасоого басым жасайт. Кошумчалап кетсек, “Барселона” менен… Кененирээк…

Жалал-Абадда күн электр станциясын куруу пландалууда

Жалал-Абадда күн электр станциясын куруу пландалууда. Бул тууралуу “Турмуш” басылмасы облустагы президенттин өкүлчүлүгүнө шилтеме келтирип билдирет. Күтүлгөндөй, объектти курууга Базар-Коргон району тандалып алынды.   Электр станциянын кубаттуулугу 200 мегаватты түзөт. Аны ишке ашыруунун жол жобосун учурда Венгриядан инвесторлор карап жатат. Өз кезегинде жергиликтүү бийлик аларга… Кененирээк…

Жакынкы эки жылда ипотека боюнча кезекте турган 13 миң адамдын баары турак жай менен камсыз болот

Жакынкы эки жылда ипотека боюнча кезекте турган 13 миң адамдын баары турак жай менен камсыз болот. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Бишкекте өтүп жаткан Жаштар форумунда билдирди.   «Мен келгенде ипотекалык компаниянын саясатын өзгөрттүм. Андан бери 1500-2000 адам үйлүү болду. Азыр мамлекеттик ипотека боюнча турак… Кененирээк…

Бишкекте температуралык рекорд коюлду

Бишкекте температуралык рекорд коюлду.   Синоптиктердин маалыматы боюнча, кечээ, 27-ноябрда ордо калаада аба табы 21 градуска чейин жылыды. Буга чейинки рекорд 1939-жылдын 27-ноябрына таандык болчу.   Анда +20 градус катталган. Ал эми ноябрь айындагы абсолюттук рекорд 2017-жылы орнотулган. Анда, 2-ноябрда Бишкекте күн дээрлик 30 градуска… Кененирээк…

Жалал-Абад облусунун аймагында таштандыны кайра иштетүүчү алгачкы ишкана ачылды

Жалал-Абад облусунун аймагында таштандыны кайра иштетүүчү алгачкы ишкана ачылды.   Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашкандай, Ала-Бука айылындагы кичи заводду ачууга облусту өнүктүрүү фондунан 18,5 миллион сом, жергиликтүү бюджеттен 6,5 миллион сом бөлүнгөн.   Ишканага Ала-Бука жана коңшулаш жакынкы айылдардын, аймактагы эки тоо-кен компаниясынын таштандысы чогултулуп, кайра… Кененирээк…

Бишкектин жана Чүй облусунун тургундары газдаштырууга жеңилдетилген насыя ала алат

Бишкектин жана Чүй облусунун тургундары газдаштырууга жеңилдетилген насыя ала алат. Бул тууралуу novosti.kgге Каржы министрлигинин Банктар менен кызматташуу бөлүмүнүн башчысы  Жанара Орозалиева билдирди.   Анын айтымында, бул максатта 1 миллиард сом каралат. Турак-жайга же коммерциялык объектке газ өткөрүү үчүн насыяны жарандар, компаниялар жана жеке ишкерлер… Кененирээк…

Министрлер кабинети кийим экспорттоодо транспорттук чыгашанын жарымын төлөп берүүнү пландап жатат

Министрлер кабинети кийим экспорттоодо транспорттук чыгашанын жарымын төлөп берүүнү пландап жатат.   Бул тууралуу Экономика министринин орун басары Айнура Үсөнбекова билдирди. Анын айтымында, чыгашаларды субсидиялоо жөнүндө чечим эки критерийдин негизинде кабыл алынат.   Биринчиси – жүк кандайдыр бир себептер менен туруп калса жана экинчиси –… Кененирээк…

Кыргызстан аймагында 15 пайдалуу кен аныкталды

Кыргызстан аймагында 15 пайдалуу кен аныкталды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.   Анын айтымында, бүгүнкү күндө биздин өлкөнүн тоо-кен казуу тармагындагы негизги инвесторлор – Улуу Британия, Түркия, Кытай, Россия жана Казакстан болуп эсептелет.   Тармак өзү жыл сайын  1 миллиард долларга чейин… Кененирээк…

Пилот учакты капысынан башка шаарда кондуруп алды

Пилот учакты капысынан башка шаарда кондуруп алды. Каттам Лагостон Нигериянын борбору Абуджа калаасына аткарылмак. Бирок учкуч адашып, Асаба шаарында конуу жасаган.   Эки калаанын ортосундагы аралык 300 чакырымды түзөт. Учактагылар башка жерге келип калганын билгенде, пилот ага диспетчерлер башка маалымат берип койгонун билдирген.   Бирок… Кененирээк…

Бишкекте жолдордогу жаракалар бүтөлүп жатат

Бишкекте жолдордогу жаракалар бүтөлүп жатат.   Мэриянын маалыматына ылайык, иштер учурда Аалы Токомбаев көчөсүнүн Байтик Баатырдан 7-апрель көчөсүнө чейинки тилкесинде жүрүүдө. Анын эки тарабындагы калыбына келтирүү жумуштарын бир жума ичинде аяктоо пландалып жатат.