Экс-депутат Камчыбек Жолдошбаев мамлекетке 150 млн сом төлөп берди

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Камчыбек Жолдошбаев мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толук төлөп берди. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.   Маалыматка ылайык, Камчыбек Жолдошбаевдин иши боюнча 2024-жылдын 19-апрелинде анын бөгөт чарасы Биринчи май райондук соту тарабынан өзгөртүлүп, ал мамлекетке келтирилген зыяндын ордун тагыраагы, 150 млн… Кененирээк…

Каракол шаарында көп тармактуу оорукананын курулушу башталды

Каракол шаарында 350 орундуу көп тармактуу оорукананын курулушу башталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, медициналык мекеменин имараты Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын аймагында жайгашат.   Белгиленгендей, долбоорду 2025-жылга аяктоо пландалууда.

«Кичи-Капка» жана «Камышановка» өткөрмө бекеттеринин иши жанданат

Кыргыз-казак чек арасындагы «Кичи-Капка» жана «Камышановка» өткөрмө бекеттеринин иши жанданат. Бул боюнча тиешелүү макулдашуу кабыл алынганы Астана шаарында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Казакстандын мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча берген брифингде белгилүү болду.   Талас жана Чүйдөгү чек ара бекеттеринин ачылышы эки тараптуу… Кененирээк…

Тоң районунда «Эл Аман» мамлекеттик дарыканасы ачылды

Бүгүн Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунун Бөкөнбаев айылындагы Жалпы медициналык практика борборунда «Эл Аман» мамлекеттик дарыканасы ачылды. Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, ачылыш аземге министр Алымкадыр Бейшеналиев катышты.   Министр өз сөзүндө мамлекеттик дарыканаларды ачуунун негизги максаты калктын жеткиликтүү дары-дармектерге байланыштуу көйгөйлөрүн чечүү… Кененирээк…

Бишкекте 500 орундуу бала бакча ачылат

Бишкекте 500 орундуу бала бакча ачылат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.   Маалыматка ылайык, мектепке чейинки билим берүчү мекеме Чыгыш-5 кичи районунда жайгашат.   Учурда тиешелүү жер реконструкцияланып жатат.

«Мадина» базарындагы объекттерди бузуу процесси текшерилди

Бишкек шаарындагы «Мадина» базарынын түштүк тарабындагы коомдук тамактануу жайлары өз ыктыяры менен демонтаждалууда. Муниципалитеттен билдиришкендей, мэр Айбек Жунушалиев муниципалдык аймакка чыгып кеткен объектилерди бузуу процессин текшерди.   Калаа башчы объектилерди алууну тездетүүнү тапшырды. Алардын ордуна тротуар жана жолду реконструкциялоо жүргүзүлөт.   Эске салсак, 2-мартка чейин… Кененирээк…

Кыргызстандык үч балбан Олимпиадалык жолдомо үчүн күч сынашат

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасынын мүчөлөрү Бекзат Алмаз уулу, Эрназар Акматалиев жана Орозобек Токтомамбетов Бишкекте өтүп жаткан Азиялык квалификациялык мелдешинин жарым финалына чыгышты.   Белгилеп кетсек, бул мелдеште финалга чыккан спортчулар автоматтык түрдө Олимп оюндарына жолдомо алат.

Кыргызстанга АКШ жана Европадан туристтик поезд келди

Бүгүн Бишкекке туристтик поезддин каттамы келди. “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын маалыматына караганда, 70тен ашык саякатчы Америка жана Европа өлкөлөрүнүн жарандары.   Быйылкы жылы туристтик поезд муну менен өлкөгө үчүнчү жолу келип жатат.

МИК куруп жаткан үйлөрдүн чарчы метри 550 доллардын тегерегинде болот

Мамлекеттик ипотекалык компания куруп жаткан үйлөрдүн чарчы метри 550 доллардын тегерегинде болот. Бул тууралуу Novosti.kgге  аталган компаниядан билдиришти.   Бул базар баасынан эки эсе арзан, — дешти мекемеден.   Эске салсак, Мамлекеттик ипотекалык компания учурда Бишкекте көп кабаттуу 39 үйдөн турган “Мурас” деп аталган турак… Кененирээк…

Бишкек – Торугарт трассасында жол белгилери орнотулду

Бишкек – Балыкчы – Нарын – Торугарт унаа жолунда жол белгилери орнотулду. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) басма сөз кызматы билдирди.   Белгилер аталган унаа жолдун 137-чакырымынан 154-чакырымына чейинки тилкелеринде орнотулган.   Жол көзөмөлдөө бөлүмү тарабынан унаа кырсыктарынын алдын алуу максатында… Кененирээк…