Кыргызстанда “Келечекке салым” мамлекеттик балдар депозити ишке кирет

Кыргызстанда “Келечекке салым” мамлекеттик балдар депозити ишке кирет. Тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койду.   Ага ылайык, ушул жылдын 1-июнунан тарта тоголок жетим калган ар бир балага коммерциялык банктардын биринен депозит ачылып, жыл сайын республикалык казынадан каражат бөлүнөт. Акча балдар 18 жашка толгондон кийин алардын… Кененирээк…

Ошто санариптештирүү боюнча жаштар форуму өттү

Ош шаарындагы М. Адышев атындагы Ош технологиялык университетинде санариптештирүү боюнча жаштар форуму өттү. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.   Иш-чарага жогорку окуу жайлардын окутуучулары, студенттери жана аймактагы жаштар катышты. Форумдун катышуучуларына бир катар маанилүү маалыматтар айтылды. Алардын ичинде: “Түндүк” мобилдик тиркемесин… Кененирээк…

Калыс-Ордо конушундагы бала бакчанын курулушу уланууда

Бишкектеги Калыс-Ордо конушунда заманбап бала бакчанын курулушу уланууда. Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда имараттын ички жана тышкы жасалгалоо иштери жүргүзүлүүдө, ошондой эле имараттын айланасын көрктөндүрүү жана кыш мезгилинде куюлган бетондорду алуу иштери аткарылууда.   Имараттын жалпы аянты 1 миң 390 чарчы метрди, ал эми жер участогунун аянты… Кененирээк…

Кыргызстанда бир катар майрам күндөрүн жумуш күнү деп бекитүү сунушталды

Кыргызстанда бир катар майрам күндөрү жумуш күнү деп бекитилди. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдиргендей, 23-февраль (Мекенди коргоочулардын күнү), 7-апрель (Элдик Апрель революциясынын күнү) жана 7-8 ноябрь (Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү) мамлекеттик майрам күндөрү деп аталат. Бирок бул күндөрү эс алуу болбойт.  … Кененирээк…

Нарында кыска мөөнөттүү 10 бала бакча ачылды

Нарын облусуна караштуу Кочкор районунда кыска мөөнөттүү 10 бала бакча ачылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, жалпысынан аймакта мектепке чейинки билим берген дагы 69 мекеме түзүлөт.   Эске салсак, кыска мөөнөттүү бала бакчада балдар 3 саат болушат. Болгону уктоо… Кененирээк…

Садыр Жапаров расмий сапары менен Казакстанга барат

Президент Садыр Жапаров Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин чакыруусу боюнча 18-19-апрелде Казакстанга расмий сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүм башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.   «Президент Садыр Жапаров сапардын алкагында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Тараптар өз ара кызыкчылык… Кененирээк…

Азия чемпионатында кыргызстандык спортчулар жалпы 14 медалга ээ болду

Бишкекте эркин, грек-рим жана кыз-келиндер күрөшү боюнча Азия чемпионаты жыйынтыкталды. 11-апрелде башталган спорттук иш-чарага 20га жакын мамлекеттин курама командалары катышты.   Кыргызстандын байге куржунунда жалпы 14 медаль бар, анын ичинен 4 — алтын, 3 — күмүш жана 7 — коло.

Айылдарда тери жана жүндү кайра иштеткен ишкана ачуу пландалууда

Кыргызстандагы ар бир аймакта тери менен жүндү кайра иштеткен чакан ишканаларды куруу пландалууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.   Бул үчүн фермерлерге малдын терисинин сапатын бузбай сыйрып ала турган атайын станок сунушталууда.

Тоолуу аймактарда кар көчкү түшүү коркунучу бар

Тоолуу аймактарда кар көчкү түшүү коркунучу бар. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, бүгүн жана эртең Бишкек-Ош, Каракол-Эңилчек жана Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолдоруна көчкү түшүшү мүмкүн.   Бул жолдордо жүргөндө айдоочулар унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты так сактоосу керек.

Ош шаарында жаңы санитардык полигон курулат

Ош шаарында жаңы санитардык полигон курулат. Ошондой эле эскисин рекультивациялоо пландалып жатканын мэриядан билдиришти.   Долбоорлор Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын колдоосу менен ишке ашат. Белгиленгендей, учурда тендердик иш-чаралар жүрүп жатат, ал аяктагандан кийин курулуш иштери башталат.