Бишкекте дзюдо боюнча республика чемпионаты башталды

Бишкектеги «Газпром балдарга ден соолукту чыңдоо» борборунда дзюдо боюнча эркектер жана кыз-келиндер арасында Кыргызстандын чемпионаты башталды. Дене тарбия жана спорт департаменти билдиргендей, мелдештин биринчи күнүндө татамиде төмөнкү салмак категорияларында беттештер өтөт.   кыз-келиндер арасында — 48, 57, 70 кг; эркектер арасында — 60, 73, 90, +100 кг.… Кененирээк…

«Ош» аэропортунда тумандан улам каттамдар кармалууда

Коюу туманга байланыштуу бүгүн «Ош» эл аэропортунда бардык аба каттамдары убактылуу кармалууда.   «Манас» эл аралык аэропортунан билдиришкендей, самолеттор түңкү саат 03:20дан тарта уча элек. Учурда аэродромдун айланасында көрүү мүмкүнчүлүгү горизанталдуу 300 метрди, вертикалдуу 50 метрди түзөт.   Белгиленгендей, учуулардын убактысы тууралуу кошумча маалымат берилет.

Араванда текстиль фабрикасы курулат

Ош облусунун Араван районунда текстиль фабрикасы курулат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.   Жаңы фабриканын жип ийрүү, трикотаж, боёо жана тигүү цехтеринин курулушу пахтачылыкты өнүктүрүүгө шарт түзүп, жаңы жумуш орундарын камсыздайт деп күтүлүүдө.   Ага ылайык, Министрлер кабинети Ош облусунун Араван районундагы… Кененирээк…

Бүгүнтөн тарта Бишкекте №46 автобус каттамы жабылды

Бүгүнтөн тарта Бишкекте №46 автобус каттамы жабылды. Муниципалитеттен билдиришкендей, мындай чечим шаардын маршруттук тармагын оптималдаштыруунун алкагында кабыл алынды.   Белгиленгендей, жаңы маршруттук каттамдардын ачылышына жана айрым каттамдардын кыймыл схемасынын өзгөрүшүнө байланыштуу №46 каттамда жүргүнчүлөрдүн агымы кескин кыскарып, өз чыгымдарын жаба албай калган.