ФИФА жылдын мыкты машыктыруучу наамына негизги талапкерлерди атады

ФИФА жылдын мыкты машыктыруучу наамына негизги талапкерлерди атады. Үчилтикке “Манчестер Ситинин” насаатчысы Хосеп Гвардиола, Италия курамасынын машыктыруучусу Лучано Спалетти жана миландык “Интерди” машыктырып келген Симоне Индзаги кирет.   Мыктыны сыйлоо аземи Лондондо   15-январда өтөт.

Бишкектин коомдук транспорту кадимки режимде иштеп жатат

Бишкектин коомдук транспорту кадимки режимде иштеп жатат. Мэриянын маалыматына ылайык, шаарда 120 троллейбус, 500дөн ашык муниципалдык жана жеке автобус, жүздөгөн маршруттук такси жүргүнчүлөрдү ташууда.   Аба-ырайынын шарттарына байланыштуу коомдук транспорттун жүрүү графиги өзгөргөн жок, — дешти мэриядан.

Жыл башынан бери Чүйдө 593 видеобайкоо камера орнотулду

Чүй облусунун аймагында кылмыштарды алдын алуу жана санариптештирүү багытында жыл башынан бери 593 видеобайкоо камера орнотулду. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.   Маалыматка ылайык, кошумча видеобайкоо камераларын орнотуу боюнча 834 объект такталып, сунуштар берилди.

Күрөөканаларда берилген насыянын пайыздык ставкасы азайтылышы мүмкүн

Күрөөканаларда берилген насыянын пайыздык ставкасы 2 эседен ашык азайтылышы мүмкүн. Мыйзам долбоорун Экономика жана коммерция министрлиги сунуштады. Учурда күрөөканаларда күнүнө орточо 0,3 пайыз менен насыя берилет.   Муну жылдык ставка катары эсептегенде 108 пайызга жетүүдө. Долбоордо 47 пайызга түшүрүү демилгеленди.   Андан тышкары, насыя келишимине… Кененирээк…

Бишкек жана Чүй облусунда алдыдагы сааттарда катуу шамал болушу күтүлөт

Бишкек жана Чүй облусунда алдыдагы сааттарда катуу шамал болушу күтүлөт. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.   Жарандарга этият болуп, жеңил конструкциялардын алдынан өтпөө сунушталат. Ал эми унааларды бак-дарактардын алдына токтотпош керек.

Кыргызстанда жалпысынан 2 миң 350 мектеп бар

Кыргызстанда жалпысынан 2 миң 350 мектеп бар. Бул тууралуу Билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева билдирди. Анын айтымында, алардын кээ бирлери капиталдык ремонтко жана калыбына келтирүү жумуштарына муктаж.   Республика мектептеринде 1 миллион 447 бала билим алууда. Орточо эсеп менен окуучулардын саны жыл сайын 40 миңге… Кененирээк…

“Айыл чарбасын каржылоо — 11” долбоору ийгиликтүү жыйынтыкталды

“Айыл чарбасын каржылоо — 11” долбоору ийгиликтүү жыйынтыкталды. Бул тууралуу Каржы министрлигинин сайтында айтылат. Жалпысынан айыл чарбасын өнүктүрүүгө 3,3 миллиард сом багытталды.   Жеңилдетилген насыя 7 миң 339 товар дыйканга берилген. Жарымынан көбү мал чарбачылык категориясы боюнча алышкан. Эске салсак, Кыргызстанда дыйкандарга жеңилдетилген насыя берүү… Кененирээк…

Жаңы жылдан тарта жеке нотариустар мамлекеттик нотариустардай эле функцияларга ээ болот

Жаңы жылдан тарта жеке нотариустар мамлекеттик нотариустардай эле функцияларга ээ болот.   Юстиция министрлигинен билдиришкендей, бул жарандардын ыңгайлуулугу үчүн жасалууда. Анализдин жыйынтыгы менен мамлекеттик нотариустарга басымдуу учурда мурас иштерине байланыштуу күч келип жаткандыгы аныкталды.   Андыктан, жеке нотариустарга дагы тиешелүү укук берүүчү сертификаттарды тапшыруу чечими… Кененирээк…

Мамлекеттик салык кызматы салыктардан жана камсыздандыруу төгүмдөрүнөн 250 миллиард сом чогултту

Мамлекеттик салык кызматы салыктардан жана камсыздандыруу төгүмдөрүнөн 250 миллиард сом чогултту. Жылдын 11 айына карата маалыматты Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов берди.   Анын айтымында, бул өткөн жылдын ушул мөөнөт аралыгына салыштырмалуу 40 миллиард сомго көп. Бекитилген план 3,5 миллиард сомго ашык чогулду.  … Кененирээк…

WhatsApp тиркемесинде жаңы функция пайда болот

WhatsApp тиркемесинде жаңы функция пайда болот. Кеп, билдирүүнү чаттын жогору жагына тиркеп коюу мүмкүнчүлүгү тууралуу болуп жатат. Мессенджер өзү билдирүүнү 7 күнгө бекитет, бирок аны колдонуучу же бир күнгө, же бир айга дагы тиркей алат.   Текстти гана эмес, сүрөт, видео, эмодзи, сурамжылоо жана башка… Кененирээк…