Быйыл чет элдиктердин Кыргызстанга келип иштешине 25 миң квота бөлүндү

Быйыл чет элдиктердин Кыргызстанга келип иштешине 25 миң квота бөлүндү. Бул тууралуу “Азаттыкка” Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен бидиришти.   Иштеш үчүн уруксат алгандардын арасынан Кытай, Пакистан, Бангладеш жана Өзбекстандын жарандары басымдуулук кылат.

Бишкектин айрым райондорунда таза суу берүү убактылуу токтотулат

4-апрелде Бишкектин айрым райондорунда таза суу берүү убактылуу токтотулат. Муниципалитеттен билдиришкендей, саат 9:00дөн 24:00гө чейин Л.Толстой, Бакаев, Алтымышев, Жунусалиев, Гагарин, Муромская, Циалковского, Фрунзе, Өмүр, Алыкулов, Ахунбаев, Көк-Жайык, Гагарин, Торугарт көчөлөрү, “Жумушчу шаарчасы”, “Айыл чарба институту”, “Ак-Өргө”, “Ак-Ордо” конуштары (Ахунбаев көчөсүнөн түндүк жагы), “Теңир-Тоо” конушу (Ахунбаев… Кененирээк…

Бишкекте кезектеги мамлекеттик дарыкана ачылды

Бишкектеги №2 Үй-бүлөлүк медицина борборунда кезектеги мамлекеттик дарыкана ачылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.   «Эл Аман» дарыканасы эң зарыл болгон дары-дармектердин кеңири ассортиментин сунуштайт. Бул жерден препараттарды башка аптекаларга караганда 10-15%га арзан сатып алса болот.

Бишкекте бокс боюнча эл аралык мелдеш өтөт

18-22-апрель күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда Советтер Союзунун баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун жаркын элесине арналган бокс боюнча Эл аралык мелдеш өтөт. Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, мелдешке Казакстан, Өзбекстан, Тажикистан, Россия, Иран жана Таиланддан 130дан ашык спортчу келээри күтүлүүдө.   Катышуучулар 48, 51,… Кененирээк…

Стамбулда кыргыз жараны теракт жасоого шектелип кармалды деген маалымат такталууда

Стамбулда кыргыз жараны теракт жасоого шектелип кармалды деген маалымат такталууда. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.   Министрлик Стамбул шаарында терактка даярданган деп шектелген Тажикстандын жараны менен Кыргызстандын атуулунун кармалышы боюнча Кыргызстандын ЖМКларында тараган маалыматтарга байланыштуу Кыргызстандын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу менен биргеликте кармалган жарандын… Кененирээк…

Кант шаарына жаңы мэр дайындалды

Улан Майлибашев Кант шаарынын мэри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.   «Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, КР Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” КР Мыйзамынын 47-беренесине, президенттин 2023-жылдын 29-декабрындагы “Кыргыз Республикасынын… Кененирээк…

Бишкекте өзгөчө кырдаал режими узартылды

Бишкекте өзгөчө кырдаал режими шамалдын кесепеттерин жоюу иштери аяктаганга чейин узартылды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.   Маалыматка ылайык, катуу шамалдын айынан ордо калаада 42 турак жай комплекси, 6 медициналык мекеме, 35 социалдык объект, 13 автоунаа жана 101 ар кандай объекти жабыркаган. 2   8-мартта Бишкекте… Кененирээк…

Арча-Бешикте 464 орундуу бала бакча ачылды

Бишкектин Арча-Бешик конушунда №19 бала бакча ачылды. Мэриядан билдиришкендей, мектепке чейинки билим берүүчү мекеме 284 орунга көбөйтүлүп, 180 баланын ордуна эми 464 баланы кабыл алат.   Эки кабаттуу имаратта бардык зарыл шарттар түзүлгөн.

Ош көчөсүн кеңейтүү иштери уланууда

Ош шаарындагы Ош көчөсүн кеңейтүү иштери уланууда. Жергиликтүү бийликтен билдиришкендей, учурда аталган көчөнүн Раимбеков көчөсүнөн Бабараимов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө кеңейтүү жана оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат.   Жолдун узундугу 800 метрге жакын, туурасы 12 метрди түзүп, эки тарабына тротуарларды куруу, ирригациялык тармактарды орнотуу, көчөнү жарыктандыруу каралган.… Кененирээк…

Кыргызстан менен Малайзиянын ортосунда түз аба каттамдарды ачуу маселеси талкууланды

Кыргызстан менен Малайзиянын ортосунда түз аба каттамдарды ачуу маселеси талкууланды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, мекеме жетекчиси Жээнбек Кулубаев Малайзияга расмий сапарынын алкагында аталган мамлекеттин транспорт министри Лок Сью Фук менен жолугушту. Анда кыргыз тарап малайзиялык авиакомпанияларга бешинчи аба укугун берүү… Кененирээк…