Чүй облусунда жаңы чек ара белгилери орнотулат

Чүй облусунда жаңы чек ара белгилери орнотулат. Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, көрсөткүчтөр Кемин районунда жана Лебединовка айылынын кире беришинде пайда болот.   Чек ара белгилери жаңы стандарт менен ачык түстө даярдалды, — дешти обладминистрациядан.

Кыргызстанда быйыл 79 мектеп жана 8 бала бакча курулду

Кыргызстанда быйыл 79 мектеп жана 8 бала бакча курулду. Бул тууралуу Билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева билдирди. Ал белгилегендей, 2022-жылга салыштырмалуу, мектепке чейинки билим берүү менен камсыздалган балдардын көрсөткүчү 2,5 пайызга көбөйдү.   Андан тышкары, “өкмөттүк акселераторлор” программасынын алкагында үй тибиндеги 36 бала бакча ачылган.… Кененирээк…

Суусамыр – Талас – Тараз унаа жолун реконструкциялоого Сауд өнүктүрүү фонду 30 миллион доллар бөлүп берет

Суусамыр – Талас – Тараз унаа жолун реконструкциялоого Сауд өнүктүрүү фонду 30 миллион доллар бөлүп берет. Тиешелүү кредиттик макулдашууну ратификациялоо боюнча мыйзам долбоорго президент Садыр Жапаров кол койду.   Эске салсак, сауд арабиялык донорлордон тышкары, жолду калыбына келтирүүгө Ислам өнүктүрүү банкы 50 миллион доллар жана… Кененирээк…

АКШда жер алдында өзүнчө шаар пайда болду

АКШда жер алдында өзүнчө шаар пайда болду. Ал 10 миң адамды батыра алат. Шаар тышкы дүйнө менен байланышсыз, 1 жыл автономдук түрдө иштейт. Бункердеги бир орун 55 миң долларга сатылууда.   Идея авторлорунун айтымында, бир жылда эле шаарда орун алып коюуну каалагандардын саны миң эсе… Кененирээк…

Жалал-Абад облусунда жаңы заманбап футбол талаасы пайда болду

Жалал-Абад облусунда жаңы заманбап футбол талаасы пайда болду. Президенттин аталган аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, объект Базар-Коргон районунда жайгашат.   Курулуш иштерине дээрлик 5 миллион сом бөлүнгөн. Андан тышкары, Аксы районунда жаштар борбору ачылды. Анда китепкана жана спорт зал бар.

Туристтик ишкердүүлүктөн түшкөн салык 1 миллиард сомдон ашты

Туристтик ишкердүүлүктөн түшкөн салык 1 миллиард сомдон ашты. Үстүбүздөгү жылдын январь айынан сентябрга чейинки маалымат менен Туризм департаменти бөлүштү.   Өткөн жылдын ушул эле мөөнөт аралыгында бул көрсөткүч 900 миллион сомду түзгөн болчу. 2022-жылы ички дүң продукциядагы туризмдин үлүшү 3 пайызга жеткен. Бул жылга жыйынтык… Кененирээк…

Кыргызстандагы суу чарба объектилериндеги капиталдык оңдоо иштери жыл аягына чейин жыйынтыкталат

Кыргызстандагы суу чарба объектилериндеги капиталдык оңдоо иштери жыл аягына чейин жыйынтыкталат. Бул тууралуу Суу ресурстары кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, быйыл жалпысынан калыбына келтирүү жумуштарына республикалык бюджеттен 900 миллион сом бөлүнгөн.   Бул каражатка адистер каналдарды, гидротехникалык курулуштарды, насос станцияларын оңдоду.   Андан тышкары, коллектор-дренаждык тармактар… Кененирээк…

Кыргызстанга келген туристтердин саны көбөйүүдө

Кыргызстанга келген туристтердин саны көбөйүүдө.   Туризм департаментинин директорунун орун басары Кыял Кенжематованын айтымында, жыл башынан бери өлкөгө 7,5 миллион адам келсе, анын 6 миллиондон ашыгын туристтер түзгөн.   Бул өткөн жылдын ушул мөөнөт аралыгына салыштырмалуу, 700 миң саякатчыга көп. Биздин өлкөгө коноктордун басымдуусу Өзбекстан,… Кененирээк…

Бишкек-Ош жолунда жүк ташуучу унааларга коюлган чектөөлөр алынды

Бишкек-Ош жолунда жүк ташуучу унааларга коюлган чектөөлөр алынды.   Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, аба-ырайынын катаал шарттарына байланыштуу,  жол кырсыктарын алдын алуу максатында буга чейин Арал жана Сосновка постторунда жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилген.   Учурда Кара-Суу районундагы Бекжар — Кичик-Теке — Лаглан ички чарбалык жолу… Кененирээк…

Бишкек мектептери 15-декабрга чейин онлайн форматка өттү

Бишкек мектептери 15-декабрга чейин онлайн форматка өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Анын ортосунда бала бакчалар кадимки режимде иштеп жатат. Бирок ата-энелер өз каалоосу менен балдарын үйдө алып калса болот.   Белгилеп кетсек, бүгүн мектептер онлайн окутууга өткөндүгү боюнча маалымат эртең менен эле, биринчи сменада окугандардын… Кененирээк…