Өлкөдө 100 миңден ашык жаран салык карыздары боюнча онлайн-маалымкат алды

Өлкөдө 100 миңден ашык жаран салык карыздары боюнча онлайн-маалымкат алды. Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, мындай мүмкүнчүлүк өткөн жылдын октябрь айынан бери жеткиликтүү.   Салык төлөөчүлөр Cabinet.salyk.kg сайтынан жеке кабинетке кирип маалымкатты алса болот. Арыз 2 күндүн ичинде даяр болот. Санарип документ кагаз варианттагыдай эле юридикалык… Кененирээк…

Үч округдагы парламент депутаттарын шайлоону өткөрүүгө 350 миңден ашык бюллетень даярдалды

Үч округдагы парламент депутаттарын шайлоону өткөрүүгө 350 миңден ашык бюллетень даярдалды.   БШКдан билдиришкендей, документтер коргоо элементтерине ээ, автоматтык эсептөөчү урналар үчүн атайын боек басылган.   Эске салсак, Баткен, Кара-Суу жана Ош округдарында Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо 28-апрелде өтөт.

Аскер кызматкерлерине кызматтык үйлөрдү менчиктештирүүгө уруксат берилет

Аскер кызматкерлерине кызматтык үйлөрдү менчиктештирүүгө уруксат берилет.   Президент Садыр Жапаров “Турак жай кодексине”, “Аскер кызматкерлеринин макамы жөнүндө” мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү тууралуу документке кол койду.   Мыйзам аскер кызматында 20 жылдан ашык эмгектенгендерге жашап жаткан кызматтык үйлөрүн менчиктештирип алууга жол ачат. Белгилеп кетсек, Кыргызстанда соңку… Кененирээк…

Дагы бир депутат Жогорку Кеңештен кетти

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулунун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурун токтотту. Мындай чечим БШКнын 23-апрелдеги жыйынында кабыл алынды.   Жусупбек Коргонбай уулу 22-апрелде мандатын тапшыруу боюнча арыз жазганы белгилүү болгон. Жусупбек Коргонбай уулу №5 Ноокат бир мандаттуу округунан шайланып келген.   Ал парламенттин 14-марттагы… Кененирээк…

Бишкектин Безымянная көчөсү оңдоо иштери үчүн жабылды

Бишкектин Безымянная көчөсү Ахунбаев көчөсүнөн Таш-Көмүр көчөсүнө чейинки бөлүгү капиталдык оңдоо үчүн жабылды.   Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда аталган тилкеде эски асфальт сыйрылып, жердин негизин даярдоо боюнча иштер жүрүп жатат.   Белгилей кетсек, ирригациялык система жана бордюрлар кезеги менен орнотулат. Курулуш иштерин аяктоомай айынын ортосуна пландаштырылды.… Кененирээк…

Ошто жаңы мектеп пайда болот

Ошто жаңы мектеп пайда болот. Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, 275 окуучуга чакталган объект Алымбек Датка аймактык башкармалыгындагы Ирригатор тилкесинде курулат.   Мектепте спортзал, буу казан, эки резервуар жана башка зарыл имараттар каралган. Курулушка каражат мамлекеттик бюджеттен бөлүндү. Мектеп кийинки окуу жылы башталганга чейин колдонууга берилет… Кененирээк…

Президент селден жабыркагандарга жардам көрсөтүүнү тапшырды

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен акыркы бир нече күндөн бери селден жабыркаган жарандарга жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Фейсбуктагы баракчасына жазды. Ага ылайык, селдин жүрүшүнөн келтирилген зыяндын көлөмү Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) тарабынан такталып чыккандан кийин, жабыркаган жарандарга тийиштүү… Кененирээк…

Россияда кол салуу учурунда аялдарды коргоого жардам берген кулон жана тиркеме чыгарылды

Россияда кол салуу учурунда аялдарды коргоого жардам берген кулон жана тиркеме чыгарылды. РИА Новости жазгандай, мойнуна тагылган шайманды баскан учурда ал 3 чакырым аралыкта жүргөн башка колдонуучуга коркунуч тууралуу маалымат берип, полицияга автоматтык түрдө чалуу кетет.   Андан тышкары тиркемеге эркектин үнү менен сүйлөгөн онлайн-ассистент… Кененирээк…

Караколдо көп профилдүү оорукананын курулушу башталды

Караколдо көп профилдүү оорукананын курулушу башталды. Жалпы аянты  6 миң чарчы метрди түзгөн медициналык жай 350 орундуу болуп, 5 блоктон турат.   Аларда диагностикалык, хирургиялык, травматологиялык жана балдар бөлүмдөрү болот. Андан тышкары, ашкана, лаборатория дагы каралган.

Кыргызстандын үч облусунда өзгөчө кырдаал режими жарыяланды

Кыргызстандын үч облусунда өзгөчө кырдаал режими жарыяланды. Ош, Жалал-Абад жана Талас облустарында нөшөрлөгөн жаандан кийин 46 сел жүрдү, — деп билдирди Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов.   Анын айтымында, Ошто 170 короо, 28 үй жана 1 мектепти суу каптады. Жалал-Абад облусунда 102 короо-жайды,… Кененирээк…