Италиялык компания Кыргызстанда курулуш материалдарын чыгаргысы келет

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров италиялык “Breton S.p.A.” компаниясынын өкүлдөрү менен жолукту.   Өкмөттөн билдиришкендей, аталган компания Кыргызстанда алдыңкы технологияларды жана жабдууларды колдонуу менен курулуш материалдарын чыгаруучу биргелешкен ишкана түзүүнү көздөөдө. Тактап айтканда, ишкана цемент плиталарын, кварц негизиндеги плиталарды жана башкаларды чыгарат.   Акылбек Жапаров… Кененирээк…

Бишкектин вице-мэрлери Орунтаев менен Байгончоковго сөгүш жарыяланды

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров эки орун басарга жана башкармалыктын жетекчисине сөгүш жарыялады. Бул тууралуу бүгүн мэрияда шаардын бюджетинин планынын аткарылышы боюнча өткөн жыйында белгилүү болду.   Жыйында 3-кварталда салыктык эмес кирешелер боюнча план 34%га аткарылбаганы айтылды.   Буга байланыштуу мэрдин биринчи орун басары Мирланбек… Кененирээк…

Кыргыстан менен Тажикстан чек аранын дээрлик 14 чакырымы боюнча макулдашты

Кыргыстан менен Тажикстан мамлекеттик чек аранын дээрлик 14 чакырымы боюнча макулдашты.   Министрлер кабинетинен билдиришкендей, топографиялык жумушчу топтор 12-октябрдан 18-октябрга чейин чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Согди облусунун Бустон шаарында жолугушту. Иш-чара достук маанайда жана өз ара түшүнүшүүнүн кырдаалында өткөнү белгиленди.   Калган аймактар… Кененирээк…

Эртең Бишкектин бир бөлүгүндө ичүүчү суу болбойт

Эртең Бишкектин бир бөлүгүндө ичүүчү суу болбойт. Мэриянын маалыматына караганда, эртең мененки саат 9дан кечки 10го чейин Лев Толстой, Бакаев, Алтымышев, Жунусалиев, Гагарин, Алыкулов, Ахунбаев көчөлөрүндө өчүрүүлөр күтүлөт.   Мунун себеби оңдоо иштерине байланыштуу.

Улуу Британияда Белла аттуу мышык Гиннестин рекорддор китебине кирди

Улуу Британияда 14 жаштагы Белла аттуу мышык Гиннестин рекорддор китебине кирди. Анын ырылдаганы мышыктар дүйнөсүндөгү эң катуу үн катары табылган.   Рекордчунун дүңгүрөгөн үнүнүн бийиктиги дээрлик 55 децибелди түзөт.   Мышыктын ээси Белланын ырылдаганынан кээде кулагы бүтүп каларын белгилейт. Бул үн бөлмөдөгү телевизордун үнүн да… Кененирээк…

Кышкы ЖРТга каттоонун баасы жогорулады

Кышкы Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоонун баасы жогорулады. Билим берүү жана окутуу усулдарын баалоо борборунан билдиришкендей, былтыр баа 370 сом болсо, эми 2027-жылга чейин 470 сом болот.   ышкы ЖРТга каттоо 27-октябрга чейин уланат.   Сынак жайкысын ЖОЖго тапшыра албай калгандар үчүн экинчи мүмкүнчүлүк

Эртең Бишкекте “FinConference2023” иш-чарасы өтөт

Эртең Бишкекте “FinConference2023” каржылык иш-чарасы өтөт. Ага коммерциялык банктар, микрофинансылык уюмдар, мамлекеттик органдар, байланыш операторлору жана башка финансы институттары менен байланышы бар компаниялардын өкүлдөрү катышат.   Конференцияда ар кандай маселелер, анын ичинде киберкоопсуздукка, блокчейн технологияларын өнүктүрүүгө жана төлөм инструменттерине байланыштуу маселелер каралат.   Катышуучулар билимдерин… Кененирээк…

Кыргызстанда көмүрдүн баасын мамлекеттик жөнгө салуу киргизилет

Ушул жылдын 25-октябрынан тарта Кыргызстанда көмүрдүн баасын мамлекеттик жөнгө салуу киргизилет. Бул тууралуу Экономика жана соода министрлиги билдирди.   Катуу отунга бааны жөнгө салуу үч ай бою күчүндө болот. Мындай чечим көмүрдүн баасынын жогорулашына жол бербөө, анын калк үчүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу үчүн кабыл алынды.… Кененирээк…

Кышкы ЖРТга каттоо онлайн өтөт, бирок райондук билим берүү бөлүмдөрүндө гана жүргүзүлөт

Кышкы ЖРТга каттоо онлайн өтөт, бирок райондук билим берүү бөлүмдөрүндө гана жүргүзүлөт. Мунун себебин Билим берүү жана окутуу усулдарын баалоо борборунун директору Чынара Батракеева сынактын катышуучуларынын өздүгүн тактоо зарылчылыгы менен түшүндүрдү.   Ошондой эле быйыл каттоонун баасы жогорулады. Былтыр акы 370 сом болсо, эми 2027-жылга… Кененирээк…

Мас абалында унаа башкаргандар былтыркыдан 13 пайызга азайды

Мас абалында унаа башкаргандар былтыркыдан 13 пайызга азайды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын тогуз айдын жыйынтыгы боюнча маалыматында айтылат.   Белгиленгендей, январь-сентябрь айларында жол кыймылынын эрежесин бузган 746 миң 673 айдоочу аныкталды.   Жыйынтыгында мамлекеттик бюджетке 396 млн 92 240 сом түштү. Бул… Кененирээк…