Бишкектин Фучик көчөсүндө жаңы тротуар төшөлдү

Бишкектин Фучик көчөсүнн батыш тарабына Рыскулов көчөсүнөн Газпромдун кеңсесине чейин жаңы тротуар төшөлдү. Муниципалитеттен билдиришкендей, 2300 метрге бордюрлар, сугат лотоктору орнотулуп, тротуарга ысык асфальт басылды. Бул аймакта кызыл сызыктан чыгып кеткен объектилер, курулуш аянтчасынын астына кулаган бак-дарактар болгон. Азыр тоскоолдуктар жоюлуп, иш 100 пайыз аяктады.… Кененирээк…

Бишкектин бир бөлүгүндө газ өчүрүлөт

Бишкектин бир бөлүгүндө газ өчүрүлөт. 2-октябрдан 4-октябрга чейин көгүлтүр от Фрунзе, Сүйүмбаев, Огонбаев жана Ибраимов көчөлөрүн бириктирген бөлүктө жок болот.   Убактылуу чектөөлөр жылуулук сезонуна карата даярдык көрүү иштерине байланыштуу.

Экономика жана коммерция министрлиги алдында “Кыргыз экспорт” мамлекеттик мекемеси түзүлдү

Экономика жана коммерция министрлиги алдында “Кыргыз экспорт” мамлекеттик мекемеси түзүлдү.   Министрлер кабинетинин токтомунда жазылгандай, мекеме экспортту өнүктүрүү, алдыга жылдыруу боюнча функцияларды аткаруу потенциалды жогорулатуу жана ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн атаандаштык жөндөмүн өстүрүү максатында түзүлдү.

Германиялык компания Кыргызстанда гипсти кайра иштетүүчү завод курат

Президент Садыр Жапаров иш сапарынын алкагында Берлин шаарында Knauf ири өндүрүштүк компаниясынын жетекчилиги менен жолугушту. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз кызматы билдирди. андын инфраструктуралык өнүгүүсү жана экономикалык максаттарына жетүүсү үчүн стратегиялык мааниге ээ экендигин, өлкөдө курулуш катуу болуп турганда, бул тармак өзгөчө актуалдуу болуп саналарын айтты.… Кененирээк…

Президент Жапаровдун Германияга болгон иш сапары аяктап, Бишкекке келди

Президент Садыр Жапаровдун 28-29-сентябрда Германиянын Федералдык канцлери Олаф Шольцтун чакыруусу менен Берлин шаарына (Германия) болгон иш сапары аяктады.   Сапардын биринчи күнүндө мамлекет башчысы Кыргызстандын Германиядагы элчилигине барып, дипломатиялык өкүлчүлүктүн аймагында орнотулган «Жаш Манасчы» жаңы айкелин көрүп чыкты. Ошондой эле Садыр Жапаров Германиядагы кыргыз диаспорасынын… Кененирээк…

Өлкөдө аялдардын ден соолугун текшерүү боюнча бир айлык акция жарыяланды

Өлкөдө октябрь айында аялдар профилактикалык текшерүүлөрдөн өткөрүлөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, «Кыргызстандагы жугуштуу эмес ооруларды эффективдүү башкаруу жана алдын алуу» долбоорунун колдоосу менен жыл сайын өтүүчү «Айымдардын ден соолугу!» бир айлыгы жарыяланды. «Аялдар үй-бүлөдө жана коомдо маанилүү ролду аткарат. Демек, аялдардын… Кененирээк…

Жапаров ЖЭБтин күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров борбор калаанын Жылуулук электр борборунун 2023-2024-жылдардын күз-кыш мезгилдерине карата даярдыгын текшерип, энергетика министрине бир катар тапшырмаларды берди.   Энергетика министри Таалайбек Ибраев билдиргендей, учурда «Металлпром» мамлекеттик ишканасы менен түзүлгөн келишимдин негизинде топтолгон металл сыныктарынын бир бөлүгү борбордогу ЖЭБдин аймагынан чыгарылды, калган… Кененирээк…

Түштүк аймактагы аэропорттор кыш мезгилине даяр

«Манас» эл аралык аэропортунун Ош филиалы, «Раззаков», «Баткен», «Жалал-Абад» жана «Кербен» аэропортторунда кыш мезгилине кызуу даярдыктар көрүлүүдө. Жүргүнчүлөрдү сапаттуу тейлөөгө кепилдик берүүчү кызматтар жана атайын техникалар толук даяр. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.   Маалыматка караганда, техникалык тейлөө учуунун жана авиациялык… Кененирээк…

Жалал-Абадда 130га жакын жаранга жүрөк операциясы бекер жасалат

Бүгүн, 29-сентябрда Жалал-Абад шаарына Бүткүл дүйнөлүк ислам лигасынын 30дан ашуун дарыгерлер бригадасы келди. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.   Маалыматка ылайык, алар бир жума бою шаарда жайгашкан Түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр хирургия илимий борборунда 15 жаштан жогорку, жүрөк ооруларынан жабыркаган 130га жакын жаранга акысыз… Кененирээк…

Ошто бир милиционер кармалып, үчөөнө издөө жарыяланды

Ошто уюшуп алып ири суммада пара талап кылган милиционерлер аныкталганын, алардын бири кармалып, үчөөнө издөө жарыяланганын бүгүн 29-сентябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.   Мекеменин маалыматына караганда, Ош шаардык милицясынын төрт ыкчам кызматкери Ош облусунун тургунун зордуктоого айыптап, кылмыш ишин… Кененирээк…