Аламүдүн капчыгайында жоголгон адамды 200дөй киши издеп жатат

Аламүдүн капчыгайында жоголгон адамды издөө иши бүгүн, 20-январда да уланып жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы маалымдагандай, издөө иштерине 195 адам тартылды. Анын 145и ӨКМдин куткаруулары. Курамында кинолог жана 6 дрон, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) 50 кызматкери бар. Буга чейин аталган мекеме издөө… Кененирээк…

Кыргызстан өткөн 11 айда 15,5 тонна алтын экспорттоду

Өткөн жылдын 11 айында Кыргызстан 972,8 миллион долларга бааланган 15 тонна 477,7 клиограмм алтын экспорттоду. Маалыматты Улуттук статистика комитети жарыялады. Кардар өлкөлөр: Швейцария — 12 тонна 799,8 килограмм; Гонконг — 1 тонна 377,7 килограмм; БАЭ — 1 тонна 294,7 килограмм; Түркия — дээрлик 5,6 килограмм.… Кененирээк…

Челябинскте базарда чыккан өрттөн жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок

Үстүбүздөгү жылдын 19-январында Россиянын Челябинск шаарындагы «Восточный город» базарында чыккан өрттөн жабыркагандардын арасында алдын ала маалыматтар боюнча Кыргызстандын жарандары жок. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлиги билдирет.   Ошол эле учурда, колдо болгон маалыматтарга караганда, өрттүн кесепетинен КР эки жаранынын соода түйүндөрү күйүп кеткен. Тиешелүү… Кененирээк…

«Манас» үчилтигиндеги каармандардын ысымын колдонууга тыюу салуу сунушталды

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги «Манас», «Семетей», «Сейтек» эпосторундагы башкы каармандардын ысымын өз алдынча колдонууга тыюу салуу боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыкты. Документ Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилген. Демилгеде мамлекеттик, муниципалдык, жеке жана менчиктин башка түрлөрүндө турган объектилердин жана чыгарылган продукциялардын аталыштарына «Манас» эпосунун… Кененирээк…

Сүлүктү шаарында маалыматтык технологиялар борбору ачылат

Сүлүктү шаарында маалыматтык технологиялар борбору ачылат. IT борбордун курулушуна Баткен облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева капсула салды.   Ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, курулуштун жалпы сметалык баасы 50 миллион сом.

Кыргызстанда ветеринардык-санитардык талаптарга жоо бербеген 15 касапкана жабылды

Кыргызстанда ветеринардык-санитардык талаптарга жоо бербеген 15 касапкана жабылды. Бул тууралуу Ветеринардык кызматтын директорунун орун басары Бакыт Шарапов билдирди.   Анын айтымында, жалпысынан 101 касапкана реестрге катталган. Анын ичинен 10 мал союучу жай гана ЕАЭБдин бирдиктүү реестрине кирип, эт азыктарын сыртка чыгара алат. Өткөн жыл ичинде… Кененирээк…

Ысык-Көлдө мыйзамсыз балык уулаган браконьерлер кармалды

Ысык-Көлдө мыйзамсыз балык уулаган браконьерлер кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.   Маалыматка ылайык, учурда Ысык-Көлдүн акваториясында мыйзамсыз балык кармоого бөгөт коюу максатында активдүү иш-аракеттер уланууда. Жакында туристтик-экологиялык милициясынын кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз балык уулоо менен алектенип жаткан 40 жаштагы Түп айылынын тургуну Р.Б. кармалган. Кармалган… Кененирээк…

Балдар үчүн чыгарылган китептердин бет ачары болот

20-январда Бишкектеги Novotel мейманканасында кыргыз тилин жайылтууга багытталган «Балам үчүн кыргызча контент» аталашындагы иш-чара болот. Аны «Турар» басмаканасы уюштурууда.   Иш-чарада талкуулар жана эксперттердин семинарлары пландалган. Ошондой эле балдарга арналган китептердин бет ачары өтөт. Коомдук-саясий ишмер Элдар Абакиров кызы менен чогуу «Кичинекей кыз жана жетинчи… Кененирээк…