УЕФА жылдын мыкты оюнчусу наамына талапкерлерди атады

УЕФА жылдын мыкты оюнчусу наамына талапкерлерди атады. Үчилтикке Лионель Месси, Эрлинг Холанд жана Кевин Де Брюйне кирли. Жеңүүчү 31-августта Чемпиондор лигасынын кийинки сезонуна карата чүчү кулак тартуу салтанатында жарыяланат.   Эске салсак, өткөн жылы бул жогорку наамга франциялык чабуулчу Карим Бензема ээ болгон. Бул жайда… Кененирээк…

Чүй облусунда жаңы окуу жылына карата 7 мектеп пайдаланууга берилет

Чүй облусунда жаңы окуу жылына карата 7 мектеп пайдаланууга берилет. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.   Маалыматка ылайык, Ысык-Ата районунда төрт мектеп ачылса, Аламүдүн, Сокулук жана Жайыл райондорунда бирден билим берүү мекемеси даярдалууда.   Мектептердин эң чаканы 150 орундуу болсо, эң чоңу 500 окуучуну… Кененирээк…

Кыргызстанда суютулган газга болгон салык ставкасы жогорулады. Тоннасына 3 миң сомду түзөт

Кыргызстанда суютулган газга болгон салык ставкасы жогорулады. Тоннасына 3 миң сомду түзөт. Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, кеп унаалар отун катары колдонуп келген газ тууралуу болуп жатат.   Ведомстводон белгилешкендей, суютулган газды өндүрүүдө жана импорттоодо салык мыйзамдуулугун эске алуу керек.   Ал эми Мунай ташуучулар ассоциациясынын… Кененирээк…

Жумгал районунда мамлекеттик архивдин жаңы имараты ачылды

18-августта Нарын облусунун Жумгал районунда мамлекеттик архивдин жаңы имараты ачылды. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти. Иш-чарага президенттин Нарын облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Адыл Сапаров, санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Жазгүл Кийизбаева, архив кызматынын төрагасы Мария Алыбаева, райондун акими Адыбек Набиев жана аталган кызматтын өкүлдөрү… Кененирээк…

Ысык-Көлдүн акими иштен кетти, Тоң жана Ак-Суунун акимдери сөгүш алды

Ысык-Көл районунун акими Калыбек Жумадылов өзү жазган арыздын негизинде иштен кетти. Ал эми Тоң районунун акими Байышбек Астанакулов жана Ак-Суу районунун акими Мунарбек Насировго сөгүш берилди. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун Ысык-Көлдөгү өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Жаныбек Кожоев «Азаттыкка» билдирди.   Айрым бир маалыматтарга караганда,… Кененирээк…

Кыргызстан мектептеринде биринчи класска 123 миңден ашык бала кабыл алынды

Кыргызстан мектептеринде биринчи класска 123 миңден ашык бала кабыл алынды. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, мектептерде дагы 63 миңдей бош орун бар.   Бул жалпы көрсөткүчтүн 40 пайызын түзөт. Эске салсак, балдарды биринчи класска кабыл алуу электрондук кезек аркылуу апрель айында башталган. Ал 31-августка чейин… Кененирээк…

Кемин районунун Ильич айылында жаңы бала бакча пайда болот

Кемин районунун Ильич айылында жаңы бала бакча пайда болот. Курулушка тендер мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланды. Маалыматка ылайык, мектепке чейинки билим берүү мекемесинин курулушуна 122 миллион 800 миң сомдон ашык бөлүнөт.   Арыздар 1-сентябрга чейин кабыл алынат. Белгилеп кетсек, буга чейин Ильич айылында бала бакча… Кененирээк…

Караколдо шаардын жаңы генералдык планы иштелип чыгат

Караколдо шаардын жаңы генералдык планы иштелип чыгат. Тиешелүү кызматтарды аткарууга жана топографиялык материалдарды даярдоого сынакты шаардык мүлк башкаруу кызматы жарыялады.   Бул максаттарга 18 миллион сом жумшалат. Долбоордун аймагына ошондой эле жакынкы Челпек, Черик, Бөрү-Таш, Жаңы-Арык, Жол-Колот жана Маман айылдары кирет.

Бишкекте орточо айлык дээрлик 500 доллар же 44 миң сомго жетти

Бишкекте орточо айлык дээрлик 500 доллар же 44 миң сомго жетти.   Бул тууралуу Улуттук статистика комитети маалымдайт. Ведомстводон белгилешкендей, биздин маяналар Москвага салыштырмалуу, 3 эсе аз.   Россиянын ордо калаасында орточо айлык 1,5 миң доллардан ашат. Астанада – 1 миң 28 доллар, Минск шаарында… Кененирээк…

Кыргызстандын мамлекеттик карызы 1,5 пайызга өсүп, 5 миллиард 739 миллион долларды түздү

Кыргызстандын мамлекеттик карызы 1,5 пайызга өсүп, 5 миллиард 739 миллион долларды түздү. Июль айынын соңуна карата маалымат менен Каржы министрлиги бөлүштү.   2023-жылдын биринчи кварталынын аягында Кыргызстандын мамлекеттик карызынын жалпы суммасы 116 миллион долларга аз болчу. Бересенин 4,5 миллиарды тышкы карыз. Ал эми ички бересе… Кененирээк…