Бишкектеги эки ири конушка газ берилди

Бишкектеги эки ири конушка газ берилди. Мэриядан билдиришкендей, эми Ак-Тилек жана Ак-Тилек-Турбаза конуштары көгүлтүр от менен жылытылат.   Аталган конуштарда бардыгы болуп 640 кожолук жаратылыш газына мүмкүнчүлүк алышты.

Ипотекалык үйлөр республиканын бардык аймактарында курулат

Ипотекалык үйлөр республиканын бардык аймактарында курулат. Мамлекеттик ипотекалык компаниянын сатуу бөлүмүнүн башчысы Таалай Оморов билдиргендей, учурда Жалал-Абад шаарында көп кабаттуу турак жайдын курулушу башталды.   Маалыматка ылайык, башка аймактарда жергиликтүү администрациялар менен жер маселеси боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.   Чиновник ипотекалык негизде турак жай курганга каржылоо… Кененирээк…

Кыргызстанда элдин шайлоого катышуу активдүүлүгү төмөндөдү

Кыргызстанда элдин шайлоого катышуу активдүүлүгү төмөндөдү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.   Анын айтымында, мурда шайлоого стабилдүү түрдө дээрлик 2 миллиондой адам катышып жүргөн болсо, 2021-жылдан тарта 1 миллион 400 миң, айрым учурда андан да төмөн болгон.   Алсак, соңку парламенттик… Кененирээк…

Кыргызстан, Өзбекстан жана Россия транспорт коридорун түзүүнү макулдашты

Кыргызстан, Өзбекстан жана Россия Каспий деңизинен өтчү транспорт коридорун түзүүнү макулдашты. Маалыматты “Азаттык” Өзбекстандын Транспорт министрлигине таянып жазды.   Белгиленгендей, меморандумга бүгүн Ташкентте Шанхай кызматташтык уюмунун транспорт форумунун алкагында кол коюлду.   “Түштүк коридор” деп аталган жаңы маршрут Россиядан Каспий деңизи, Түркмөнстан, Өзбекстан аркылуу Кыргызстанга… Кененирээк…

Айсулуу Тыныбекова атындагы спорт борбору ачылат

Дүйнөнүн үч жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова атындагы спорт борбору ачылат. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.   Маалыматка ылайык, объект Кочкор районунда жайгашат.   Долбоор президент жана министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан колдоого алынгандыгы белгиленди.

«Манас» аэропорту жүргүнчүлөр үчүн эки жаңы трап сатып алды

«Манас» эл аралык аэропорту жүргүнчүлөр үчүн шарттарды жакшыртуу максатында эки жаңы трап сатып алды. Бул тууралуу аба майдандын басма сөз кызматынан билдиришти.   Маалыматка ылайык, жабык түрдөгү траптар жаан, кар жааган мезгилде жүргүнчүлөрдү тосуп алууга жана учакка отургузууда ыңгайсыздык жаратпайт.    

Бишкекте 17 тез тамактануучу жай жабылды

Бишкекте коомдук тамактануучу жайларды текшерүүдөн кийин 17 соода түйүнү жабылды. Айыл чарба министрлигинен билдиришкендей, 4-октябрда башталган рейддин алкагында жалпысынан 170 субъект текшерилди.   Санитардык талаптарды сактабаганы үчүн объектилерге 200 миң сомдон ашык айып салынган.   Эске салсак, ордо калаада бир нече массалык уулануулар катталып, ага… Кененирээк…

Кыргызстандын ишкерлери тарабынан 12 миллиондон ашык ЭСФ берилди

Ушул жылдын он айында Кыргызстандын ишкерлери тарабынан 12 миллиондон ашык электрондук эсеп-фактуралар берилди. Мамлекеттик салык кызматынын маалыматына ылайык, товар жүгүртүүнүн көлөмү 1 триллион сомдон ашты.   Жалпысынан, система ишке киргенден бери, тагыраагы, 2020-жылдын 1-июлунан тарта ишкерлер дээрлик 33 миллион эсеп-фактураларды беришкен.   Эске салсак, мындай… Кененирээк…

Салык кызматы быйылкы жылдын 10 айында дээрлик 200 миллиард сом чогултту

Салык кызматы быйылкы жылдын 10 айында дээрлик 200 миллиард сом чогултту. Бул тууралуу мекеменин төрагасы Алтынбек Абдувапов билдирди. Анын айтымында, муну менен белгиленген план 2 млрд 900 млн сомго ашыкча аткарылган.   Жыйналган сумма былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 34 млрд сомго көп. Бул көрсөткүчкө… Кененирээк…

Мамлекеттик бала бакчадагы ысык тамактын акчасы боюнча маселе кайра каралат

Мамлекеттик бала бакчадагы ысык тамактын акчасы боюнча маселе кайра каралат. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында айтылды.   Маалыматка ылайык, социалдык комитет тиешелүү иштерди жүргүзүүдө. Тагыраагы, бала бакчадагы тамактын каражаты кайрадан мамлекетке жүктөлө тургандай мыйзамга өзгөртүү киргизиле турганы маалымдалды.