Лейлек районунда курулуш материалдарын чыгарган ишкана ачылды
Лейлек районунда курулуш материалдарын чыгарган муниципалдык ишкана ачылды. Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, объект Жеңиш айылында жайгашкан. Ишканада 8 адам иштейт. Учурда пескоблок, бетон шакек, арык лотоктору сыяктуу буюмдарды чыгаруу башталды.