Баткендин Өрүк-Зар айылында жашоочулардын демилгеси менен 6 км жолго асфальт төшөлөт

Кадамжай районунун Өрүк-Зар айылында жергиликтүү жашоочулардын күчү менен 6 чакырым жолго асфальт төшөлөт. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.   Маалыматка ылайык, маселе бүгүн 7-апрелде президенттин облустагы өкүлү Абдикарим Алимбаевдин жергиликтүү жашоочулар менен жолугушуусунда белгилүү болду.   Жолугушууда облус башчысы, район акими, жол куруучу… Кененирээк…

Ноокатта аз камсыз болгон 327 үй-бүлө жеке ишкердик баштоого мүмкүнчүлүк алды

Ноокат районунда аз камсыз болгон 327 жаранга 100 миң сомдук сердификаттарды тапшырылды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, бул аракеттер президент Садыр Жапаровдун жарлыгын аткаруу максатында райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы тарабынан «Социалдык контракт» долбоорунун алкагында ишке… Кененирээк…

ПСЖ Килиан Мбаппени кое берүүдөн баш тартууда

ПСЖ Килиан Мбаппени кое берүүдөн баш тартууда. “Мундо Депортиво” жазгандай, клуб бул сезондогу ийгиликсиз оюндарынан кийин курамды бир аз өзгөртүүнү пландап жатат.   Бирок Мбаппе мурдагыдай эле команданын башкы оюнчусу болуп кала берет. Жетекчилик Килиандын трансфери тууралуу ойлонбойт.   Эске салсак, өткөн жылдын аягында Мпаббе… Кененирээк…

Бишкектин айрым аймактарында бир күнгө газ өчүрүлөт

Бишкектин айрым аймактарында бир күнгө газ өчүрүлөт. “Бишкекгаз” кызматынын маалыматына ылайык, 10-апрелден 11-апрелге чейин шаардын райондорундагы газ түтүктөрүндө пландык оңдоо иштерин аткаруу пландалууда.   Буга байланыштуу бул күндөрү Фрунзе, Коенкозов көчөлөрүн, Манас, Чүй проспектилерин бириктирген бөлүктө көгүлтүр от жок болот.

Кыргызстандыктар эми гепатиттин В жана С түрүнөн бекер дарылана алышат

Кыргызстанда гепатиттин вирустук В жана С түрлөрүн акысыз диагностикалоо жана дарылоо кызматтары ачылганын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору билдирди. Дарттын алгачкы диагностикасы боюнча кызмат көрсөтүүлөр жашаган жери боюнча үй-бүлөлүк медицина борборундагы дарыгердин жолдомосу менен бардык кыргызстандыктар үчүн жеткиликтүү… Кененирээк…